Инстаграм, Facebook социалдык тармактарында ушул жумада mc_doncha аттуу кыргыз жигитинин рэп аткарганы популярдуу болууда. Аталган жигиттин баракчасына орусиялык белгилүү Тимати, Кети Топурия, Михаил Галустян сыяктуу жылдыздары катталып, видеолорун бөлүшүүдө. Ошондой эле анын баракчасына мүнөт сайын катталгандардын саны өсүүдө. Айрыкча анын "көз жашым оңго акты, көз жашым солго акты, көз жашым ылдый, жогору акты..." деп рэп айткан видеосун Тимати, Кети Топурия бөлүшкөн. Бир эле Тимати бөлүшкөн видеону көргөндөрдүн саны 900 миңден ашып, 10 миңден ашуун билдирүүлөр келген. Кээ бир колдонуучулар "Тиматинин көңүл бурганына караганда, жакында тарбиясына алат" деген кептерди айтышууда.
Орусиялык жылдыздардын көңүлүн бурган mc_doncha`нын өз аты-жөнү - Данияр Токтомаметов. Анын менеджери Бектур Усенов SUPER.KG порталына кыскача маек курду.
- Даниярдын видеосу 2 күндөн бери популярдуу болууда. Мындай болот деп ойлобосоңуздар керек?
- Ооба, бул нерсе 6 күн мурун башталган. Алгач видеолордун бөлүктөрү жүктөлгөн. Анан казакстандыктар бөлүшө башташты. Кечээ досторубуз телефон чалып, "Тиматинин баракчасына кирсең" деп калышты. Карап көрсөк чындап эле бөлүшүптүр, анан кайра "Михаил Галустянды кара" деп башташты. Алгач Данияр буларды көргөндө абдан таң калды. Мынчалык болот деп ойлогон эмеспиз. Кечээ кечке телефон чалуулар тынган жок. Данияр скайп аркылуу чет элдик басылмаларга интервью берип жатты. Google`га кызыгып кирип көрсөк, ал тууралуу көптөгөн маалымат каражаттары жазып чыгышыптыр.
- Демек, Данияр уктап туруп эле жылдызга айланыптыр да?
- Жок, андай деле эмес. Биз чыгармачылык менен 6 жылдан бери алектенип келебиз. Алгач КВНде, андан соң 3 жыл "Тамашоудо" ойнодук.
- Данияр видеолорунда атайын акцент менен сүйлөгөнгө басым кылганбы?
- Бул анын образы. Сүйгөнүнө жетпей калган, орус тилинде акцент менен сүйлөгөн айылдык жигиттин образы. Анын артисттик жөндөмү, аткаруу чеберчилиги күчтүү болгондуктан, чыныгы айылдык жигиттин образын жакшы ойногон. Ошондуктан да чет өлкөлүктөрдү өзгөчө көңүл бурдурду окшойт. Бизге телефон чалып "Чынында эле ошондой жигитпи, орусча сүйлөй албайбы?" деп сурап жатышат. Орус тилинде так жооп берип жатканда баары бул образ экенин түшүнүштү окшойт.
- Маегиңизге рахмат, чыгармачылык ийгилик!