Белгилүү "Чагылган" аттуу ырды жаш ырчы Аяна Касымова ырдап чыгары менен сынга кабылды. "Ырдын текстиндеги "баш катабыз бир күрмөнүн ичине" деген жерин "түрмөнүн ичине" деп ырдаган. Ыр жайыла электе радиолордон алынышы керек" деген сөздөр айтылган. Андыктан ырчынын апасы, менеджери, музыкант Аида Токтосуновага "Ырчы ырдап жатып ката кетириши мүмкүнбү же эл жаңылышып жатабы?" деп кайрылдык.
"Кечээтен бери биз да бул нерсени ойлонуп жатабыз. Мындан эки жума мурун кайсы бир редакциядан чалышып, бул тууралуу айтып калышты. Аяна "күрмө" деп эле ырдаган. Биз репетиция учурунда 100, жадакалса 1000 жолу кайталап ырдатканбыз. Анан студияга келип, ар бир сапты өзүнчө угуп чыктык. "К" деп айтканда катуураак угулуп калат, жумшак угулсун деп "г" деп айт дегенбиз. Аяна ырды алгандан кийин 2 айдай ырдап, жаттап жүрөт. Чогуу отуруп, ырдын ар бир сабын иштеп чыкканбыз.
Кантип эле түрмө менен күрмөнүн айырмасын билбей калалы? Өзүм кыргыз үй-бүлөсүндө чоңоюп, кыргыз мектебинен окуп бүткөн адаммын, андай ката кетирүүгө жол бермек эмесмин. Социалдык тармактарда жаш баланы абдан катуу сындап жатышат. Мен өзүмдүн балам болгон үчүн жан тартып жаткан жокмун. Музыканы түшүнгөн адам болгондуктан, ар бир чыгармага жоопкерчиликтүү мамиле жасайбыз.
Ыр өзүнчө, аранжировкасы өзүнчө жасалат. Мүмкүн, музыкалык децибелден улам кээ бирине "түрмө" деп угулуп жатабы, түшүнүксүз. Бул ырчынын туура эмес ырдап, кетирген катасы эмес, техникалык жактан улам ошондой угулуп жатышы да мүмкүн. Же бирөөлөр ашыкча эле ушул теманы ызы-чууга айлантып жибердиби, белгисиз. Эми кайра ырды жаздырып чыгабызбы деп ойлонуп жатабыз", - деп билдирди А.Токтосунова.