Жаачы Асел Садырова жана дзюдочу Нагира Сарбашова "Дүйнөнүн 100 аялы-2016" долбоорунун тизмесине кирди

Кыргыз жеринен чыккан атактуу жаачы Асел Садырова жана дзюдо боюнча өлкөнүн үч жолку чемпиону Нагира Сарбашова ВВС агенттиги уюштурган "Дүйнөнүн 100 аялы-2016" долбоорунун тизмесине кирди. Бул тууралуу маалымат аталган агенттиктин расмий сайтында айтылат.

Долбоор 21-кылымдагы ар кыл өлкөнүн аялдарынын жашоосун, күн сайын катталчу жашоодогу маселелерин жана мүмкүнчүлүктөрүн баяндап берет. Долбоорго жалпысынан 100 аял кирген, анын ичинен төртөө Борбордук Азиядан. 41 жаштагы Асел Садырованын сүрөтү тизмеде Американын белгилүү ырчысы жана актрисасы Алиша Киздин катарында алдынкы сапта илинип турат. "Жолдошу өтүп кеткенден кийин төрт жылдан соң Садырова жаа атуу боюнча өзүнүн күчүн сынап көргөн. Жыйынтыгында профессионалдык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтөрүн байкаган", - деп жазылат анын сүрөтүнө берилген мүнөздөмөдө.

Ал эми 26 жаштагы Нагира Сарбашова дзюдо боюнча өлкөнүн үч жолку чемпиону жана кур күрөшү боюнча Дүйнөнүн чемпиону болуп саналат. 2015-жылы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги Сарбашованы "Жылдын мыкты спортчусу" деп тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aikokul14
2016-11-22 10:59:35
Эн жакшы жанылык!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан