3 күндөн кийин көпчүлүк күткөн "Супер концерт" өтөт. Учурда концертке карата кызуу даярдыктар жүрүп, ырчылар атайын дуэттерди жаздырып жатышат. Алсак, кечээ, 5-декабрда ырчылар Алина Жетигенова менен Айдана Дека "Кыздын сыры", Анжелика менен Дайыр Исмадияров "Кызыл гүлүм, ай" дуэттерин SUPER.KG порталынын колдонуучулары үчүн тартуулашкан. Ошондой эле Каныкей, Нурлан Насип, Жийдеш, Баястан жана Омар порталдын 10 жылдыгына карата "Super.kg'ге арноо ырын" аткарышкан.
"Супер концертте" кыргызга белгилүү ырчылар Гүлнур Сатылганова, Айгерим Расул кызы, Гүлжигит Сатыбеков, Нурлан Насип, Гүлжигит Калыков, "Non-Stop", "Кыз-Бурак", "Заман", "Добулбас" топтору, күлкү жаратуучулар Актан Рыскелдиев, Мыктыбек Мукаев, Нурсултан Курсанали уулу жана башкалар өз өнөрлөрүн тартуулашат. Концерт "Супер сулуу-2016" сынагы менен коштолот. Анда кыргыздын кымча бел сулуулары өздөрүн тааныштырып, көркөм басуу, чыгыш бийин бийлөө боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
Учурда SUPER.KG порталынын Facebook, Инстаграм социалдык тармактарындагы расмий баракчаларында концертке 2 адамга чакыруу баракчалары ойнотулууда. 3 күн гана убакыт калды, андыктан чамдаңыздар!
Ал эми концертке билеттер сатылууда. Билеттерди Спорт Ордосунун кассасынан, "Супер-Инфо" гезитинин кеңсесинен (Фрунзе көчөсү-402), SUPER.KG порталынын кеңсесинен (Күрөңкеев көчөсү-180), "Ош базарынын" радио түйүндөрүнөн жана (0704) 44-11-20 телефону аркылуу сатып алсаңыз болот.