Орусия Федерациясынын Москва шаарындагы басмакананын имаратындагы өрттөн Кыргыз Республикасынын жарандарын сактоодо көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен бир катар жарандар сыйланышат. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, мурдараак Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өкмөткө 2016-жылдын 27-августунда Москва шаарындагы өрт учурунда адамдарды сактап калууга катышкан жарандарды сыйлоо тууралуу маселени иштеп чыгууну тапшырган.
Аталган тапшырманы аткаруу иретинде өрт учурунда адам өмүрүн сактоодо көмөк көрсөткөндөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган сүрөттөрү боюнча он жарандын өздүк маалыматтары такталган.
Сунушталган маалыматтардын негизинде премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкү жарандар сыйланышат:
"Премьер-министрдин буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын сыйлануучуларга тапшырууну уюштуруу тапшырмасы берилди", - деп айтылат маалыматта.