Футбол боюнча Германия курамасынын жана "Вольфсбург" клубунун жарым коргоочусу Юлиан Дракслер франциялык ПСЖ клубу менен келишим түздү. 4,5 жылга түзүлгөн келишим боюнча футболчу жылына 10 миллион евро маяна алат.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, 23 жаштагы футболчунун трансфердик баасы 35 миллион еврону түздү. Кошумча 7 миллион евро футболчуну тарбиялаган "Шальке" клубуна төлөнөт.
Дракслер Германиянын курамында 2014-жылы Дүйнө чемпиону аталган.