Бишкек шаарында учактын кыйрашынан жабыр тарткандар үчүн жардам чогултуу пункттары ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Бишкектиктер, бүгүн эң кайгылуу күн! "Манас" аэропортунун жанындагы Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) аймагына учактын кулашынан каза болгондор да, жаракат алгандар да бар. Бишкек шаарынын мэриясы каза болгондордун жакындарына көңүл айтат жана жаракат алгандардын тезирээк айыгышын каалайт", - деп айтылат маалыматта.
Борбордогу Чүй кең көчөсүндөгү №315-үйдө, Ленин райондук администрациясынын имаратында жардам кабыл алынып жатканы маалым болду. Ошондой эле Балдарды коргоо борбору да кырсыктан жабыр тарткандарга колдоо көрсөтөрүн билдирип, убактылуу жай берүүгө макул экенин кошумчалаган.