Алматы шаарында өтүп жаткан Кышкы Универсиадада 5 чакырымдык лыжа тебүү боюнча кыздар арасында жеке жарышта Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу Кундуз Абдыкадырова 62-орунду ээледи. Эркектер арасында 10 чакырымдык жарышка Тариэл Жаркымбаев катышып, 87-орунда келди. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалым болгондой, кыздар арасында орус спортчусу Лилия Васильева 1-орунду камсыздап, алтын медаль тагынды. Күмүш медалды орусиялык Анна Ничаевская, коло байгени казак спортчусу Анна Шевченко жеңди. Эркектер арасындагы жарышты Валерий Гонтар (Орусия) жеңсе, 2-орунду
Дмитрий Ростовцев (Орусия), коло байгени Александре Пуйе (Франция) утуп алды.
Белгилей кетсек, кыздар арасындагы жеке жарышка жалпы 64 спортчу катышса, эркектер арасындагы 10 чакырымдык жарышка 88 спортчу түшкөн.