Бүгүн, 5-февралда белгилүү португалиялык футболчу Криштиану Роналду 32 жашка толду. Ал 1985-жылы 5-февралда Португалиянын Мадейра аралындагы Фуншал шаарында төрөлгөн. Апасы үй кожойкеси, ал эми атасы жергиликтүү "Андоринья" клубунун машыктыруучусу болгон.
Роналду профессионалдык футболдо "Спортингдин" курамында 2001-жылы дебют жасап, биринчи оюнунда гол киргизген. 2003-жылы англиялык "Манчестер Юнайтеддин" курамына кошулуп, 2004-жылы Англиянын Кубогун уткан. Бул клубдун курамында 3 ирет Англия Премьер-лигасын утуп (2007, 2008, 2009), 2008-жылы 31 голу менен мелдештин башкы чабуулчусу аталган. 2008-жылы УЕФАнын ЧЛсын утуп, башкы бомбардир болгон (8 гол). 2009-жылы ал мадриддик "Реалга" 94 миллион еврого сатылып, бир футболчу үчүн төлөнгөн сумма боюнча жаңы рекорд койгон. Ошол күндөн тарта Криштиану Роналду футбол тарыхындагы эң кымбат оюнчуга айланган.
Мадриддик клуб менен 2012-жылы Испаниянын чемпиондугун уткан. Португалия курама командасынын жана мадриддик “Реалдын” тарыхындагы мыкты чабуулчу. Португалиянын курамында 123 оюнда 55 гол киргизсе, “Реалдын” курамында 328 оюнда 343 гол киргизген. Европадагы лигалардын бомбардирлерине ыйгарылуучу “Алтын бутса” сыйлыгын карьерасында 4 ирет алган. Португалия менен чыккан эң бийик секиси "ЕВРО-2004түн" финалы болгон.
Криштиану Роналду 2008, 2013, 2014 жана 2016-жылдары ФИФАнын версиясы боюнча "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталган. 2014-жылы Роналду Португалиянын президенти
Анибал Каваку Силва тарабынан Падыша Генрих ордени менен сыйланган. "Forbes" журналы боюнча Криштиану Роналду 2016-жылы эң көп киреше тапкан спортчусу
болгон.
Учурда футболчу модель Жоржина Родригес менен мамиле түзүп жатканы белгилүү.