Башкы прокуратура Текебаевдин "Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн сырлары" боюнча билдирүүсүн иликтейт

Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага Өмүрбек Текебаевдин чет өлкөдөгү мүлк боюнча билдирүүсүн иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мамлекет башчы башкы прокурор Индира Жолдубаевага текшерүүнүн натыйжасында, мыйзамга ылайык чара көрүүнү тапшырды. Башкы прокуратура иликтөөнүн жыйынтыктары менен президентти жана коомчулукту тааныштырмакчы.

Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев: "Менин Кипрдеги досторум Атамбаевдин бизнес кызыкчылыктарын таап берүүнү убадалашты. Бардыгына белгилүү болгондой, мен Атамбаевдин жеке ишкердигин иликтеп жатам. Азыркыга чейин кээ бир маалыматтарды таптым. Кипр - бул жөнөкөй арал эмес, бул офшордук аймак. Белиз алыс, Кипр болсо жакын. Кипрге мен жеттим. Менин оюмча, Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн сырларын ачыкка чыгаруу жолундамын", - деп журналисттерге айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан