Өмүрбек Бабанов президентикке талапкер катары көрсөтүлдү (өмүр баяны)

"Республика - Ата Журт" партиясынан Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкер катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциянын бейрасмий жыйынында Өмүрбек Бабановду президенттикке талапкер катары көрсөтүү чечими бир добуштан кабыл алынды. "Жакын арада партиябыздын расмий съезди өтөт. Анда талапкер расмий түрдө жарыяланат", - деди Өмүрбекова.

Бабанов Өмүрбек Токтогулович 1970-жылы 20-майда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чымкент айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1993-жылы К.А.Тимирязев атындагы Москва Айыл чарба академиясын бүтүргөн. 2005-жылы Эл чарба академиясынын Жогорку каржы менеджменти мектебинен, ал эми 2009-жылы КР Өкмөтүнө караштуу Юридикалык академиядан билим алган.
Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси ченине ээ. Аймактык билим берүүгө кошкон меценаттык эмгеги үчүн атайын медаль менен сыйланган. "КМШ өлкөлөрүндөгү жыл тандоосу" долбоору боюнча "2004-жылдын бизнесмени" болуп аныкталган. "Айкөл Манас – Жыл адамы" сынагынын байге ээси.
Эмгек жолу:
1988-1999-жылдары - "Шымкентнефтесинтездин" ыйгарым укуктуу өкүлү
1995-1998-жылдары - "Арлан" ишканасынын директору
1999-2000-жылдары - "Мунай" ишканасынын башкы директорунун орунбасары
2000-2004-жылдары - "Кыргыз пахта" ишканасынын директору
2004-2005-жылдары - "Мунай Мырза" директорлор кеңешинин мүчөсү
2005-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
2008-жылы - "Мунай Мырза Инвест" директорлор кеңешинин төрагасы
01-10.2009-жылы - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри
2009-2010-жылдары - "Мунай Мырза Инвест" директорлор кеңешинин төрагасы
01-10.2010-жылы - "Кыргызстан" банкынын директорлор кеңешинин төрагасы
12.2010-жылы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
17.12.2010-жылы - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри
22.12.2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп, 2012-жылдын 1-сентябрында Өмүрбек Бабанов кызматынан кеткен.
2015-жылдан тарта "Республика - Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан