Мыйзамга ылайык Кыргыз жеринде президенттик шайлоо 19-ноябрда өтөт

Кыргыз Республикасында конституциялык мыйзамга ылайык, президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтөт. Бул тууралуу 15-февралда президент Алмазбек Атамбаев менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жолугушуусунда белгилүү болду.

Атамбаев шайлоого 9 ай калганын, бул аралыкта шайлоону ачык жана таза өткөрүүгө тоскоолдук жаратчу мүчүлүштүктөрдү жоюу зарылдыгын айтты. Таза шайлоо гана бийликтин легитимдүүлүгүн камсыздап, өлкөдө стабилдүүлүккө кепилдик берерин белгиледи.

Жаңы президентти шайлоо добуш берүү күнүнө 4 ай калганда кечиктирилбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат. Тагыраагы, 2017-жылдын 19-июлуна чейин дайындалышы керек.

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүшү мүмкүн экени да айтылып жатат. Конституцияга ылайык, президент арызы менен кызматтан кеткенде, оорусу боюнча ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же каза болгон учурда президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо, иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 1 жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат жана президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө өткөрүлүшү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан