Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылдык кеңешинин депутаттары Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышына нааразычылык билдирип, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасашты. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына айылдык кеңештин төрагасы Курманбек Топуев билдирди.
"Биз Жогорку кеңештин депутаты Текебаевдин камалышына нааразычылык билдирип, Атамбаевге, Жогорку кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго расмий кайрылуу жасадык. Кайрылууга жергиликтүү 17 депутат кол койгон. Биз элдин өкүлдөрүбүз, демек, бүтүндөй Акман айылынын элинин атынан кайрылуу жасап жатабыз. Өлкө башчыга "Ата Мекен" партиясынын лидерин абактан бошотуу маселеси айтылды", - деп билдирди Топуев .
"Биз, Акман эли Текебаевдин мыйзамсыз аракетине ишенбейбиз, сот аркылуу акталарына ишенебиз. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө мыйзам жол берет. Депутатты аэропорттон кармап, камап коюшканына нааразычылык билдиребиз", - деп жазылат кайрылууда.
Эске салсак, Базар-Коргон районунун эли 26-февралдан тартып митинг өткөрүп, нааразычылык билдирип келишет. Буга чейин айыл тургундары Ош-Бишкек жолун тосуу аракетин көрүп, жол боюна боз үй тигишкен.