Кыргызстандык Урмат Мырсаканов НТВ телеканалынын "Ты супер!" долбоорунун кийинки баскычына өттү. Бул тууралуу долбоордун расмий сайты жарыялады. Долбоордун кезектеги тандоо туру 4-марттан 5-мартка караган түнү өттү, Урмат америкалык ырчы Адам Ламберттин Welcome to the Show деген ырын ырдады.
Орусиядагы НТВ телеканалы "Ты супер!" аттуу эл аралык балдардын вокал сынагын баштаган. Сынакка Орусия, Абхазия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Молдова, Эстония жана Түштүк Осетиядагы балдар үйүнүн, мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жана багып алынган үй-бүлөдөгү 7 жаштан 18 жашка чейинки балдар катыша алышат.
Аталган эл аралык сынакка мекендешибиз Урмат Мырсаканов да катышууда. Сынактын баракчасында ал тууралуу "эжеси жана кичинекей иниси менен балдар үйүндө жашайт. Сууда сүзүү, футбол, стол тенниси менен алектенип, музыка жана кинону жакшы көрөт. Келечекте белгилүү ырчы болгусу келет" деген маалымат жазылган.
Мекендешибизге бул шилтеме аркылуу "жакты" белгисин басып, добуш берүү мүмкүн.