Курулуш башкармалыгынын дачаларындагы учак кырсыгынан жүрөгү ооруп каза болгон Арзымамат Ташматовдун жубайы менен кызы бүгүнкү маалымат жыйында үйсүз калышканын айтып, жардам берүүнү суранышты.
"Жолдошум учак кырсыгы болгондо жүрөгү жарылып каза болду. Эми туугандары берилген жардамдарды талашып жатышат. Алар буга чейин берилген 500 миң сом жардамды жана дагы башкаларын алып жүрүшүптүр. Жолдошумду жерге берүү зыйнатына мени катыштырбай коюшту. Ортобузда 3 балабыз бар. Ош облусундагы үйүбүздү өздөрүнө каттатып алышыптыр. Ал эми тергөөчүлөр мага түшүнүксүз кагазга кол койдурушкан. Көрсө компенсация жана башка жардамдардан баш тарттым деген кагаз экен", - дейт Бүзуура Тагаева.
"Сокулук районунун акиминин орун басары кагып-силкип, "жардам алып жатасыңар го" деп элдин көзүнчө урушуп салды. Бирок биз эч кандай жардам алган жокпуз. Жардамды атамдын эжеси Зарипа Миталипова алып жүрүптүр", - деди маркумдун кызы Гүлшайыр Арзымамат кызы.
"Бул үй-бүлө жардамга муктаж. Аларда ашыкча каражат жок. Булардын бүгүнкү абалын коомчулукка алып чыгууну туура көрдүк. Бул үй-бүлөгө атасынын мурасы калыш керек. Ал эми чогулган каражаттан жардам берилиши керек", - деп билдирди жарандык активист Нургүл Усенова.
Бүзуура Тагаеванын 2 кызы, 1 уулу бар. Балдарынын кенжеси 16да, улуусу 22 жашта. Алардын Ош облусунун Араван районундагы үйү атасынын туугандарына өтүп кеткенин жакында эле билишкени айтылды.