КСДПнын депутаттары Крымга барганына Украинанын элчиси нааразы болду

Украинанын Кыргыз Республикасындагы элчиси Микола Дорошенко КСДП фракциясынын депутаттары Марат Аманкулов менен Ирина Карамушкинанын Крымга барышы боюнча бүгүн, 27-мартта билдирүү таратты.

Элчи өзүнүн интернеттеги баракчасына жазган билдирүүсүндө дипломатия эки тараптуу түшүнүшүү айдыңы, кызматташтыкты өнүктүрүүдө эффективдүү инструмент экенин белгилеген.

"Жогорку Кеңештин депутаты М.Аманкуловдун Украина менен макулдашпай туруп Крымга барганы боюнча бүгүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык нааразылык билдирдим. Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин сыйлоого чакырдым. Крым Украинага таандык экенин (#КрымЭтоУкраина хештег менен жазылган), ал жакка кирип-чыгуу тартиби бар экенин түшүндүрдүм. Басып алынган Крым Автономдук Республикасына кирип-чыгуу эрежесин бузгандар Украинанын мыйзамына ылайык, жоопко тартылышын айттым", - деп жазат элчи.

Мындан сырткары элчи Ирина Карамушкинанын Крымда түшкөн сүрөттөрүн көргөндүгүн жазган. "Бул расмий жагы гана. Адамгерчилик жактан алып караганда бул учур мени капалантат. Өздөрүнүн Крымга болгон сапарын депутаттар тынчтык, достук деп түшүндүрүшөт. Кимдин эсеби менен болуп жатат? Урматтуу депутаттар, кандын үстүнөн достукту бекемдөө мүмкүн эмес. Орусия Крымды мыйзамсыз басып алган, Донбасска кирген. Күн сайын украин элин өлтүрүп жатат. Алар өз аскерлерин Украинанын бардык аймактарынан алып чыгып кетмейинче, миллиарддаган чыгашаларды төлөп бермейинче, достук тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес", - дейт М.Дорошенко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан