КҮНСЕРЕП: Саякатчы депутаттар катышкан кезектеги эл аралык чыр

Бүгүн, 28-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Украинанын Кыргыз жериндеги элчилиги депутаттар Ирина Карамушкина менен Марат Аманкуловду "биз менен макулдашпай Крымга барды" деп сындап, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине нааразычылык билдирди. Элчилик Крым Украинага караштуу деп Кыргыз тарапты Украинанын бүтүндүгүн сыйлоого чакырып жатат. Карамушкина Крымда түшкөн сүрөттөрүн интернетке илип, "Кыргыз депутаттары Крымда болушту. Демек, Крым биздики дагы" деп жазган. Депутаттын бул жоругу адамгерчиликке жатпасын айтып, "депутаттар Крымдагы сапарын достук деп түшүндүрүшөт, кандын үстүндө достукту бекемдөө мүмкүн эмес" деди Украина элчиси Николай Дорошенко.

Украинанын элчилиги дүйнөнүн ар бир башка өлкөсү сыяктуу эле өз мамлекетинин бүтүндүгүн коргоого алып, Кыргыз депутаттарынын сапары алар менен макулдашуусуз өткөнүнө нааразычылык ишаратын жөнөттү. Бул окуя депутаттардын чуулуу сапарларынын уландысы. 2016-жылдын декабрында Жогорку Кеӊештин депутаттары Мирлан Бакиров, Нурбек Алимбековдор Кытай мамлекет катары тааныбаган Тайванга барып сынга кабылып, Алимбеков вице-спикерлик орун менен коштошкон. Анткени бул сапар акыркы жылдары Кыргыз мамлекетинин ири инвесторуна айланган Кытайга жаккан эмес. Бул окуядан кийин парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков депутаттар сыртка сапарга чыгарда алдын ала макулдашсын деп талап кылган. Крым боюнча дүйнө коомчулугунда бирдиктүү пикир жок. Крымга сапар алдын ала макулдашылганбы-жокпу белгисиз. Аманкулов да убагында Тайванга барган депутаттардын сөзүн кайталап, Крымга сапар саясий өӊүттө болбоду деп чыкты. Бул Кыргыз мамлекети менен Украинанын мамилесин салкындаткан экинчи чыр. 2016-жылы Украина президенти Петро Порошенконун маалымат кызматы өлкө башчысы Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кабарлаган. Көп өтпөй Кыргыз президентинин атынан орусиялык пранкерлер телефон чалышканы билинип, иликтөө башталган. Бул окуя дагы эки тараптын алакасын салкындаткан. Порошенкону тамашага салууга көмөктөшкөн деп айыпталып Кыргыз мамлекетинин бир жараны кармалган эле.

Ал эми Карамушкина элге Крымдагы сапарын эмес, Орусиядагы иш-чарада Жогорку Кеӊештеги кесиптештери менен кантип кайым айтышканын түшүндүрүү менен убара. Карамушкина Орусия парламентинин депутаттары менен кездешүүдө Жогорку Кеӊеште кодуланып жатканын, орус тили, дин темасын көтөрсө кесиптештери колдобой коёрун, атүгүл Кыргыз жеринде аны мандаттан ажыратуу үчүн кол топтоо башталганын айтып даттанганы айтылууда. Жанында отурган Кыргыз депутаттары "бул жер сиздин жеке таарынычты талкуулай турган жер эмес" деп оозун жапканын бир катар ММКлар жазышты. Карамушкина "мени иштетпей жатышат" деп таарынбаса деле болот, Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылыштарында депутат болду. Активдүү иштеп келе жатат. Ошол активдүүлүгү жалпы кыргыз коомчулугунун абалын, жашоо-шартын жакшыртууга салым кошуп жатабы, маселе ушунда. Ал эми спикер Крым сапары боюнча бул депутаттарга да эскертүү береби-жокпу эртеӊ, парламент жыйынында билинет...

Боинг кырсыгынан жабыркагандар үчүн 2017-жылдын 17-январында ачылып, 15-мартында жабылган атайын эсеп кайра ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен акча которууга үлгүрбөй калгандардын кайрылууларынан улам эсеп кайра ачылганын билдиришти. 27-мартка карата эсептеги сумма 100 миллион 342 миӊ 610 сомду түздү. Бирок топтолгон каражат жабыркагандардын колуна тие элек. Жооптуу министрликке таянсак, акчаны бөлүштүрүү боюнча комиссия иштеп жатат. Кайсы жабырлануучуга канча суммадан бөлүнөрүн комиссия аныктайт. Ал эми өкмөттүк эмес уюмдар топтогон каражаттарын муктаждарга тапшырышты. "Кызыл жарым ай" коомунун билдиришинче, коомдук уюмдар тарабынан ачылган эсепке 2017-жылдын 1-мартына чейин 5 миллион 127 миӊ сом түштү. Кырсыктан ата-энесинен ажырап, жалгыз калган балдарга 798 миӊ сомдон, жарым жетимдерге 300 миӊ сомдон, үй жайсыз калгандарга 60 миӊ сомдон, жакын адамдарын жоготкондорго 70 миӊ сомдон берилди. Учак кыйраган айылдын жабыркаган тургундары "маселебизди чечкиле!" деп кайра-кайра митингге чыгышып, өкмөткө талап коюп жатышат. Топтолгон акчанын бөлүнүп берилбей, убакытты создуктуруу нааразычылыктарды күчөтүп, каражат кырсыктан жабыркагандарга тиешеси жок чоңдордун чөнтөгүнө кетет деген шекти күчөтүп жатат. Албетте, учак кырсыгы 10 күндө иликтеп, жыйынтыктап салуучу окуя эмес. Процесс айлап, атүгүл жылдап созулушу мүмкүн. Бирок ал айылдын элинин улам-улам митинг, пикеттерге чыгуусу өкмөттүн пайдасына иштебейт. Өлкө президенттик шайлоонун алдында турган маалда жабырлануучуларды ар кайсы саясий күчтөр популисттик кызыкчылыктарында пайдаланып кетүүлөрү толук мүмкүн.

Бишкек-Ош трассасында 28-мартта түшкөн кар көчкү Транспорт жана жол министрлигинин 4 кызматкерин басып калды. Төртөө 1 унаанын ичинде болушканы белгилүү болду. Көчкү мындан башка 2 унааны басып калып, андагы 6 адам куткарылып, 3 адам ооруканага жеткирилди. Жаздын келиши менен табият кырсыктары күчөөрү белгилүү. Чукул кырдаалдарга тийиштүү министрликтин, мекемелердин даярдыгы кандай экенин ушундай кырсыктар айгинелеп жатат. Трассадагы жол кыймылын маал-маалы менен чектеп, көчкүнү атып түшүрүү иштерине карабай жол коопсуздугун тейлегендердин өздөрү бөөдө кырсыктан каза тапканы кейиштүү окуя. Расмий маалыматка таянсак, жыл башынан бери республикада 126 өзгөчө кырдаал катталып, 61 адам каза тапты. 3 айда 93 кар көчкү, 14 жер көчкү жүргөн. Бул өткөн жылга салыштырганда 70 пайызга көп. Эки күн мурун Өзгөн районунун Ничке-Сай айылында жер көчкү 4 үйдү басып калып, 1 үй-бүлө мүчөлөрү топурак астында калышкан эле. Үйдүн ээси, жубайы жана 4 баласын басып калган. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун билдиришинче, көчкү алдында калган үй ээсинин атасына 1996-жылы мамлекет тарабынан жардам берилип, башка жактан жер тилке бөлүнүп көчүрүлгөн. Бирок 2010-жылы баласы (көчкү алдында калган үйдүн ээси) кайра кайтып келип, кооптуу тилкеге там салып жашап алган. Эскертүүлөргө көӊүл бурбаганы айтылып жатат. Жарандарды башка аймакка мажбурлап көчүрүүгө мыйзам жол бербейт. Андыктан жарандардын өздөрүндө да жоопкерчилик бар. Кооптуу тилкелерге үй салбаса, эскертүүлөргө өз убагында көӊүл бурулса мындай кырсыктар азаят беле...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан