Мародёрчулукка шектелип кармалган Райкан Төлөгөновдун уулу: "УКМКнын кызматкерлери атамды шантаж кылышты"

Бишкекте бүгүн, 29-мартта мародёрчулукка шектелип кармалган Райкан Төлөгөновдун иши боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Ага Р.Төлөгөновдун уулу Иса Төлөгөнов, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова, Наталья Никитенколор катышып жатышат.

"Атама, агама байланыштуу болуп жаткан окуяларга коомчулуктун көңүлүн бурдурайын дегем. Беш жылдан бери ар кандай фальсификацияны колдонуп мародёрчулук боюнча иликтөө жүрүп жатканын билесиздер. Төртүнчү жолу кылмыш ишин козгоп жатышат. Буга чейин Рысалиевдин тушунда фальсификация экени далилденип, тергөөчүгө кылмыш иши ачылган. Алар азыр дагы издөөдө жүрүшөт. Жакында атама УКМКдан байланышып, шантаж кылышкан. Текебаев мародёрчулукка катыштыгы бар деп арыз жазууну сунушташкан. Эгер жазса, мародёрчулук боюнча айыпталып абакта 5 жыл отурган агам Мусанын иши токтотулмакчы. Агам учурда жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Ал 12 жылга соттолгон эле. Аны башка берене боюнча кармашкан, бирок ал мародёрлук боюнча кесилген. Шарттуу түрдө жаза мөөнөтү бүтө электе бошотулушу керек эле. Эгер Муса Текебаевге жана Болот Шерге каршы көрсөтмө бербесе, ал абактан чыкпайт дешкен. Атам бул шантаждан майнап чыкпастыгын айтты.

Андан кийин биз Муса менен жолуктук. Ал УКМКнын кызматкерлери келгенин, басым жасашканын айтты. Атам ага бул саясий басым деп, ага моюн бербеш керектигин айткан. Кечээ эртең менен атамды көргөндө ал "Маевский боюнча иш кыйрады. Мындан улам мародёрчулук боюнча иш баштап баарын, анын ичинде мени дагы камашса керек" деген. Кечинде саат 5терде чалып, "мени кармашты, СИЗОго алып кетишти" деди. Атамдын ден соолугуна сарсанаа болуп жатам. Ал 65 жашта. Акыркы аптада биз ооруканаларда анализ тапшырып жүрдүк, анын канында канттын деңгээли көтөрүлүп кеткен эле. Агама кысым көрсөтүлүп жатканын айтышты. Ал көрсөтмө бербесе атамды, өзүн дагы бошотушпасын айтып шантаж кылып жатышат экен. Мусага басым жасап Текебаев боюнча көрсөтмө алышкан окшойт деп шектенип жатам", - деди Иса Төлөгөнов.

Аида Салянова "2010-жылдагы талап-тоноочулук бир канча жылдан бери ар кайсы орган тарабынан иликтенген. Ал учурда мен Башкы прокурор элем, прокуратура бул ишти көзөмөлдөп жаткан. Шектенүүлөр пайда болгондо прокуратура бир мамлекеттик органдан экинчи органга өткөрүп жатты. Депутаттардын катыштыгы бар экени дадилденген эмес. Менимче, Төлөгөновдун уулунун кайрылуусу саясий куугунтук жүрүп жатканын далилдейт" деди.

Төлөгөновдун ишинин айланасындагы кырдаалга эл аралык уюмдар, депутаттар көңүл бурушун айтат элем деген депутат Наталья Никитенко "мындай кырдаал азыркы учурда коомубузда демократиялык баалуулуктар коркунуч алдында экенинен кабар берет. Бул ар бир жаран үчүн кооптуу" деди.

Айта кетсек, УКМК 28-мартта Райкан Төлөгөновго "тоноону уюштуруу", "мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштуруу", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Төлөгөнов тергөө бүткүчө УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Иса Төлөгөнов: "УКМК атамды шантаж кылып жатат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан