Президенттин басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевге тиешелүү миллиондорду эсептөөдө жаңылыштык кеткенин билдирди

Бүгүн, 12-апрелде Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү Алмазбек Атамбаевдин 2002-жылы 27-декабрда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы ошол кезде өзүнө таандык үлүшүн сатуу келишими тууралуу кошумча материалдарды берди.

Анда белгиленгендей, мурда ишкана Gulcanlar Elektrik Elektronik Ve Mobilya Sanayi Ticaret Ltd Sti” деп аталган. Кийин 2002-жылы декабрда “ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş.” деп өзгөртүлгөн.

"Алмазбек Атамбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 5-апрелде жолугушуусу жөнүндө пресс-релиздин текстинде бөлүм тарабынан ишкананын рыноктук наркы жана анын уставдык капиталы боюнча түшүнүктөрдү атайылап эмес чаташтырылган. Негизсиз теӊдештирүүнүн натыйжасында ката маалымат кетип калган. Анын натыйжасында Алмазбек Атамбаев өнөр жай ишканасындагы өз үлүшүн саткандан алган 35 миллион доллар кирешеси менен катар эле анын уставдык капиталдагы үлүшү дагы ката көрсөтүлүп калган (45 миллиард түрк лирасы)", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары тараган маалымат Түркия Республикасынын Соода регистринин 2003-жыл 31-январдагы тийиштүү маалымат бюллетенине негизделген, анда компаниянын уставдык капиталындагы сатылган үлүштүн суммасы, 45 миллиард түрк лирасы көрсөтүлгөнү белгиленет.

"Дүйнөлүк да, ата мекендик да тажрыйба көргөзгөндөй, компаниянын уставдык капиталынын өлчөмү юридикалык тарапты юстиция органдарына каттоо учурунда уюштуруучулардын баштапкы гана взносун чагылдырат жана ишкананын чыныгы рыноктук баасына тикелей байланышы болбойт. Ошентип ишкананын каттоо учурундагы уставдык капиталы чындыгында 50 миллиард түрк лирасын түзгөнүн, анын ичинен компаниянын 90 пайыз үлүшү, башкача айтканда, 45 миллиард түрк лирасы Алмазбек Атамбаевге таандык болгонун, мына ошолор Түркия Республикасынын Соода регистринин жогоруда аталган бюллетенинде көрсөтүлгөнүн түшүндүрөбүз.

Ишкананын сатуу алдындагы чыныгы рыноктук наркы компаниянын ишмердиги учурунда сатылып алынган активдерден куралган жана уставдык капиталдын өлчөмүнөн көп эсе жогору болгон. "Arkan & Ergin Grant Thornton" аудитордук компаниясы өткөргөн көз карандысыз аудит 2002-жыл 31-декабрга карата ишкананын бардык активдеринин чыныгы наркы 33,7 миллион АКШ долларын түзгөнүн көрсөттү. Алмазбек Атамбаев компаниядагы өзүнө таандык 90 процент үлүшүн сатуу келишими аткарылгандан кийин ишкананын рыноктук наркындагы анын үлүшүнө жараша кирешеге, башкача айтканда, 35 миллионго жакын АКШ долларына ээ болгон", - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан