Бүгүн, 18-апрелде Бишкектеги Гагарин көчөсүндө Лексус-300 үлгүсүндөгү кара түстөгү жол тандабас жөө жүргүнчүнү сүздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, кырсык эртең менен саат 8:30 чамасында болгон. Лексусту башкарган айдоочу токтобой, окуя болгон жерден кетип калган. Жабырлануучу 4-ооруканага жеткирилген. Учурда айдоочуну издөө иштери жүрүүдө.