Бишкекте айдоочу унаасы менен сүзгөн Патрулдук милициянын кызматкери бутунан жаракат алган. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 18-апрель күнү Бишкек шаарынын Манас проспектиси менен М.Горький көчөсүнүн кесилишинен алыс эмес жерде орун алган. Анда жол коопсуздугу боюнча кызматтык милдетин аткарып турган А.Мукашов Мазда 6 үлгүсүндөгү унааны токтоткон.
"39 жаштагы Н.И. аттуу айдоочу жол эрежесин бузгандыгы боюнча административдик протокол толтуруу учурунда баш ийбестен, сөгүнүп, документтерин алып кетүү аракетин көргөн. А.Мукашов унаанын алдына чыгып, жакын жерде турган кызматкерлерди чакырып жаткан учурда айдоочу аны сүзүп, качырып айдаган. Жыйынтыгында А.Мукашов жолго жыгылып, бутунун ооругандыгынан кайра тура албай калган. Ары жактагы Патрулдук милициянын кызматкерлери айдоочуну кетирбей кармап калган. Окуя болгон жерге "Тез жардам" чакыртылып, кенже тескөөчү А.Мукашов Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилип, нейротравматология бөлүмүнө бутунан жаракат алып жаткырылган. Бул факты боюнча азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.