Ош шаарынын Туран жана Манас-Ата кичи райондорунан башка бардык аймактарында эки күнгө суу болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде SUPER.KG порталына "Ош Суу-канал” ишканасынын башчысынын орун басары Талант Байкишиев билдирди.
Анын айтымында, жазгы-жайкы оңдоо иштерине байланыштуу 26-27-апрель күндөрү суу берүү убактылуу токтотулат. "Эки сутка аралыгында биздин ишкананын кызматкерлери түтүктөрдү оңдоо иштерин жүргүзөт. Ош шаарынын калкын ичүүчү суу менен камсыздоочу курулмалары 1965-жылдарында курулуп баштап, 1990-жылдары толугу менен пайдаланууга берилген. Ошол маалдан тарта кезектеги гана оңдоолору жасалат. Ичүүчү суу Ак-Буура дарыясынын жогору жагынан түз алынгандыктан, нөшөрлүү жаандарда сууну токтотууга мажбурбуз. Анткени кокус дарыя нугунан толуп, кир суулар биз суу алчу жерге кирип кетсе, аны тазалоо кымбатка түшөт. Кийинки өчүрүүбүз октябрдын аягында болот", - деп түшүндүрдү Байкишиев.