Украиналык мушкер Владимир Кличко британиялык Энтони Жошуа менен беттешип, 11-раундда техникалык нокаутка учурады. Эл аралык бокс уюмунун (IBO) жана эл аралык бокс федерациясынын (IBF) чемпиондук куру үчүн болгон беттеш 30-апрелге караган түнү орун алды.
Беттештин 5-раундунда британиялык мушкер атаандашын нокдаунга жиберген. 6-раундда Жошуа өзү нокдаунга кабылды. Калган раунддарда тең салмактуулук сакталды. 11-раундда Жошуанын чабуулу күчөп, алгач атаандашын 2 ирет жыгылып кайра бутка турганга мажбур кылды. Кийинки мыкты чабуул башталганда калыс беттешти токтотту.