Бүгүн, 25-майда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун соту болмок. Жабырлануучу тарап келбегени үчүн соттук отурум 7-июнга жылдырылды.
Эске салсак, Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 167 (тоноо) жана 241 (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) беренелери боюнча айып тагылган. Райкан Төлөгөнов 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.