Үпөл Анаркулова: "Мени КСДПдан эмес "Ата Мекен" фракциясынан депутат коркуткан болсо эчак эле жоопко тартылмак"

КСДП фракциясынан депутат Жылдыз Мусабекова журналист Үпөл Анаркулованы 10 эркекке салып берем деп коркутуп, мазактагандан кийин Анаркулова эл өкүлүнүн жоругуна чара көрүшү үчүн бир катар бийлик өкүлдөрүнүн атына кат жазган эле. Ошол эле кат жазган күнү, 12-майда Башкы прокуратурага да арыз таштаган. Бирок ал жактан да журналистке эч кандай жооп келген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда журналист SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен арызды таштагандан 4 күндөн кийин Башкы прокуратурадан мага байланышып "Ошондо сизди зордукташтыбы", - деп сурашты. Мен "Жок, ошондой коркутуулар болду", - десем "Биз арызыңызды окуп жатканбыз, кийин байланышабыз", - деп койгон. Ошол бойдон кабар жок", - дейт Анаркулова.

Ал эми Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бул маселени карабай фракцияга жиберген эле. Фракция ушул кезге чейин депутаттын жоругун карай элек.

"Мусабекова фракциянын жыйынына 4-5 жолу келбей койду. Акыры 15-июнда келип "мен Нарынды кыдырып, элдин үнүн угуп келдим", - деп айтыптыр. Ага чейин фракция лидери Өмүркүлов Мусабекова ооруп, жыйынга келбегенин айтып жүрбөдү беле. Эгер Мусабекованын ордуна башка партиядан депутат ушундай жорукту жасаган болсо, мисалы, "Ата Мекенден" депутат Н.Никитенко же А.Салянова азыр темир тор артында болмок. Бул жерде мыйзам бардык фракциялар үчүн бирдей иштебей жатканын көрүүгө болот", - дейт журналист.

Ошондой эле ал жакында парламент каникулга тарай турганын айтып, фракция өкүлдөрү бул маселени унуткаруу аракетин көрүп жатат деген оюн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
kenjebek_a
2017-06-24 21:03:27
Койчу башчысы Исасы негизи СДПКнын депутаттары дагы ......Булардын баарын ..... Керек.
+7
aselushka
2017-06-24 21:15:05
Прокуратура Текебаев, Жапаров, Саляновалардын ишинен бошобой атышат бир жылдан бери,бирок шайлоодон кийин аларданда бир мынча айып пул алып уй камагына чыгарышса керек, салты ошондой алардын
+2
BekAmir
2017-06-24 21:35:09
Бизде мыйзам карапайым калкка кана иштейт
+9
didu
2017-06-24 22:05:34
бардык КР сырттан коз салып турса керек .эл билетко СДПК ны
+3
kyalbek
2017-06-24 22:33:21
Элдин шоруна башчыбыз калыс болбой атпайбы
+5
kyalbek
2017-06-24 22:35:23
Урматтуу Кыргыз элим президенттик шайлоодо , татытуусун тандайлы кийин окунгудой болбой , ушунча чыдаганыбыз азбы
+5
aika2015
2017-06-24 23:42:12
Бул "депутат"аял жазасын бул дуйнодон албаса тиги дуйнодон созсуз алат. Упол бекем болунуз. Ушунча келгенден кийин таштап койбой до конца барыныз.
+4
rysik79
2017-06-24 23:49:50
Мусабекова Бийликтин колокусуно жамынган адам да. Бир карын майды, бир кумалак иритет дегендей жон эле озун Кудай сезип алган да. Корбогондун коргону курусун. Байкуш Атамбайып не кылсын и так карызга акча сурап журот биздин казанда эт кайнасын деп. А Мусабекова Упол менен жон эле келишип койсо болмок. Синдим кечирип кой жиним кайнап кетти депчи. Кыскасы Упол сен тазасын аксын. Мусабекова деле таза бир бутумго келишкиле.
0
CEO
2017-06-25 00:33:40
rysik79, сенин байкуш бай атан элдин казаны кайнасын деп куйуп-бышып журобу же оз казанынын камындабы?! Карыз алып келип эптемей жол-копуро курдурат, ага болунду болгон акчанын жарымы бийликтин "сол чонтогуно" кетип. Карыз алып маараке, той-тамаша откорот, анда да миллиондорду жымырып алат. Тынар айтмакчы кредит алып уйлонуп, акчаны чачып, тойдун эртеси чонтогундо 1 сом акчасы жок, папирос тутотуп отурган куйоо баладай бийлик, анан кайра карыз алат, бийлик толомок беле, эл толойт да!
+1
kenjebek_a
2017-06-24 23:55:01
Президенттик шайлоодо СДПКнын талапкерин такыр шайлабаш керек.Болбосо дагы бир срокто бул тойбогондор элди жок кылып кул кылат.Бул партиянын аялы кылган кылыгын эле карагыла.Сотторун,армиясын,медигин,билим берууминистрлиги ,коопсуздук кызматкерлери койчу баары кудайдан жоо качса да мейли эле андан да жаман немелер (адамдар)дегенде тил бурулбайт.Ар кандай партиядан куулуп же качып чогулган принциби жок немелер.Кайра бийлике келишсе анда Кыргызстан жоголду деп тушунсо болот.Кудай бар булар келбейт
+4
aydinnur
2017-06-24 23:57:34
Бул депутат айымдын иштеген иши депутаттыкка чейинки,сөгүнгөнүндөй эле майын чыгара иштечү..аны сөз кылган бирөө жок..Үпөл кылганына жараша жооп алды болгону...а бул жагы шантаж экени сокурга да көрүнүп турат,газета АКШдан жем жеген Равшандын атасыныкы,а ЭЖЕ болсо Равшанды түндө тургузсаң,шилекей чачыратып жамандачу сдпкадан..негизи азыркы аялзаты,соц тармакта эле сөздүн гүлүн терип жазбасаңар,турмушта баарыңар эле мындан жаман сөгүнөсүңөр..мисал:аялымдын жинине тийип көрсөңөр,анан көрөсүңөр))))
-6
futboler
2017-06-25 01:41:19
Ошондо башкы прокуратурадагылар зордуктагыча куто туралы деген болуп калабы?
+1
Nora
2017-06-25 03:56:37
menimche zorduktap je olturup koiso anan karashsa kerek, azyryncha bul masele karalbait.
0
Makain
2017-06-25 08:22:07
Упол карындашым озундун атынды аябай пиар кылып алдын колунан келген ишти кылып калеминди курчута берчи Жылдызга калп эле асыла бербей. Атын чыкпаса жер ортто болбой
-8
temirov.2013
2017-06-25 12:18:27
качан гана зордуктап кеткенден кийин камаш керек бекен.Биздин соттор сот эмес эле бийликтин кулу болуп барататго
0
Aitunuk
2017-06-26 16:42:21
Бүгүнкү күндүн журналистинин маеги жана деңгээли ушул. Сөз жок. ММКларды төртүнчү бийлик деп коюшат, алардын мүчөлөрүн көрүштүн да кереги жок, өзүлөрүнүн статусун жана ролун билишпейт, көчө адамдарынан айырмасы жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан