Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берет

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров быйыл өтүүчү президенттик жарышка катышарын билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берет. Арызды анын өкүлдөрү тапшырганы жатышат. БШКнын маалыматы боюнча, Жапаров шайлоого өзүн өзү көрсөтүү тартибинде катышууну көздөөдө.

"Жапаровдун өкүлдөрү келип, документтерди бир сыйра көрсөтүп кетишти. Бирок "ушул адамдын менин атымдан арыз берүүсүнө ишеним билдирем" деген Жапаровдун өзүнүн ишеним каты керек. Азырынча андай кат жок, жазып берсе эле документтери кабыл алынат", - деп билдиришти БШКдан.

Эске салсак, Садыр Жапаров "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 2017-жылдын 25-мартынан бери камакта. Бүгүнкү күндө козголгон кылмыш иши боюнча сот отурумдары өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан