"Мегакомдун" жетекчиси Азат Базаркулов: "Талант Маматкеримов Текебаевге акча берилгендигин айткан"

Сот отурумунда Өмүрбек Текебаев суроо берүүнү улантууда. Текебаев күбө Азат Базаркуловго кайрылып "Сен көрсөтмөдө "Маматкеримов Текебаевге 1 миллион доллар берилгенин айтты" деп жатасың. Маматкеримов азыр жок. Сен анын айтканын кантип далилдейсиң?" деп суроо салды. Базаркулов: "Мен интернеттен Өмүрбек Абдрахмановдун интервьюсун көрдүм. Ал интервьюсунда Текебаев 1 миллион доллар алган деп айтканын уктум. Андан кийин Талант Маматкеримов менен жолугушуп андан сурагам. Ал "акча берилген" деп айткан. Бирок ким, канча акча, кайсы учурда бергенин сураган эмесмин. Ал жерде Маматкеримов экөөбүздөн башка эч ким болгон эмес", - деп жооп кылды.

Андан кийин Текебаев "Раушан Рыкунованы тааныйсыңбы? Ал маалымат жыйын өткөрүп "Базаркулов Текебаевге миллиондорду алып барып берет" деп жатат. Сен мага акча берип жатасыңбы?" деди. Базаркулов буга "жок" деп жооп берди.

Мындан соң күбө Максим Сидоренко көрсөтмө берди. Ал 2010-жылы Модин менен жолугушуп, Модин ага жакынкы арада "Мегакомдун" жетекчилик кызматына бара турганын айтканын билдирди. Андан кийин башка күбө болбогондуктан соттук отурум эртең, 5-июлга жылдырылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jonne
2017-07-04 17:56:13
текбаевтин ордунда ( максим бакиев) болгондо сотторду уттуп чыкмак мынча создурбай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан