Прокурор Садыр Жапаровду 15 жылга эркинен ажыратууну сурады

Бишкекте бүгүн мурдагы депутат Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анын жүрүшүндө жактоочу Аида Абдырахманова мамлекеттик айыптоочуга ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Абдырахманованын келтирилген өтүнүчүн кесиптештери колдоду. Сот кыска тыныгуу жарыялап, кеңешме бөлмөсүнөн келген соң прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз жок экенин айтты. Андан соң жактоочу Акин Токталиев соттун төрагасы Эмилбек Каиповго ишенбөөчүлүк келтирди. Бирок сот буга чейин да өзүнө карата ишенбөөчүлүктөр көрсөтүлгөндүгүн эскертип, өтүнүчтү ордунан четке какты.

Эскерте кетсек, Жапаровдун соттук ишинин башынан бери мамлекеттик айыптоочу катары катышып жаткан Доктурбековго 2 ирет, төрага Каиповго 5 ирет ишенбөөчүлүк келтирилип, бири да колдоо тапкан жок.

Отурумда сот жарыш сөзгө чыгуу үчүн сөздү прокурорго берди. Ал соттолуп жаткан Садыр Жапаровду 2013-жылы 7-октябрдагы Каракол шаарында өткөн митингге тиешеси бар экендигинин себептерин айтып берди. Негизги берене боюнча Жапаровду 13 жылга, бардык беренелер боюнча жалпы бириктирип 15 жылга эркинен ажыратууну сурады. Сот отурум жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу 28-июлда улана турган болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
jonne
2017-07-24 17:29:01
Садыр Жапаровко боштодук жок дегенде уй камагына чыгаргыла президент алмашканда анан Жапаров ак экени билинет
+17
Altysh_Boldush
2017-07-24 17:49:20
Садыр жапаровтун шайлочуларына кайрылат элем! Адахан кимсанбаевичти колдойлу деп. Адахан Мадумаров президент болсо. Ошондо Кыргызстан онолот болчу. Садыр жапаровту чыгарат болчу. Бийлик бутактарына койот болчу. Мен ишенем Жапаров 100% ак инсан
+14
Best.bakyt
2017-07-25 08:06:19
Altysh_Boldush,Тулкулонбосончу тууганым Мадумаровунду озун шайлай бер. Жапаровтун шайлоочулары Мадумаров бошото калат деп жойпуланганды кой.Ар ким озу тандайт кимди шайлашты. Мадумаровтун бизге кызыгы жок.
-1
fora
2017-07-24 18:52:31
Ушул сот менен пракрорду кийинки келген президент жаза тартар бекен???
+2
BekAmir
2017-07-24 20:01:30
Мен С Жапаровду колдойи
+1
grace
2017-07-24 21:02:57
Кайсы кылмышы үчүн 15 жыл?
0
Kanatbek.amirov
2017-07-25 02:06:53
кайтар дүнүйө оздоруда куда каласа шундай кунго тушот айыпсыз адамды айыптап соту да пракурору да кудайдан коркпогон жырткычтар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан