Президент Алмазбек Атамбаев жаңы төрөлгөн ымыркайга сүйүнчү пул берүүгө багытталган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом берилмекчи.
Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Эске салсак, 21-июнда аталган мыйзам 3-окууда Жогорку Кеңеште кабыл алынган.