Футбол боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз өлкөсү өз үйүндө Мьянма курамасын кабыл алат. Бул беттешке башкы машыктыруучу Александр Крестинин 23 футболчуну улуттук курамга чакырды. Оюн Бишкек шаарында 5-сентябрда өтөт.
Улуттук команданын курамы:
Дарбазачылар:
Павел Матяш (клубу жок),
Валерий Кашуба ("Дордой"),
Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата").
Коргоочулар:
Азамат Байматов ("Сохар" Оман);
Тамирлан Козубаев;
Даниэл Тэго;
Курсан Шератов (бардыгы "Дордой");
Ильяз Алимов ("Алай");
Валерий Кичин ("Енисей", Орусия);
Виктор Майер ("Виденбрюк", Германия).
Жарым коргоочулар:
Бахтияр Дүйшөбеков ("Абдыш-Ата");
Фархат Мусабеков ("Алмалык", Өзбекстан);
Эдгар Бернхардт ("Сталь Мелец", Польша);
Павел Сидоренко;
Азиз Сыдыков;
Ислам Шамшиев;
Кайрат Жыргалбек уулу;
Авазбек Откеев (бардыгы "Дордой");
Одилжон Абдурахманов;
Муролимжон Ахмедов (экөө тең "Алай");
Антон Землянухин (клубу жок).
Чабуулчулар:
Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия);
Мирлан Мурзаев ("Серик Беледиеспор", Түркия).