Матяш, Исраилов, Тэго Кыргыз-Кытай беттешинде начар оюн көрсөтүп, беттештин жыйынтыгына чоң таасир беришти (адистердин көз карашы)
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагында алгачкы беттешинде Кытайдан жеңилүү ызасын тартып калды. Бул беттештен кийин биз адистердин көз карашын угуп көрдүк. Макалада бир нече адамдын көз карашы жазылган. Анда Кыргыз өлкөсүнүн футбол ардагерлеринин, учурдагы футболчулардын жана журналисттин ойлору бар.
Макаланы бир нече бөлүккө бөлүп, окурмандарга беттештеги орун алган учурларды толугу менен түшүндүрүп берүүгө аракет кылабыз.
Кыргыз курама командасы бул беттеште алгачкы мүнөттөрдөн 3 коргоочу, 5 жарым коргоочу жана 2 чабуулчу менен ойноп баштаган.
Коргоо бөлүгүндө - Тамирлан Козубаев, Валерий Кичин, Даниэл Тэго болсо, жарым коргоочулар - Бекжан Сагынбаев, Фархат Мусабеков, Эдгар Бернхардт, Ахлидин Исраилов, Кайрат Жыргалбек уулу болуп, чабуулда Мирлан Мурзаев менен Виталий Люкс болушту.
1. Коргоо бөлүгү: Кайрат Жыргалбековду Даниэл Тэгонун аракеттенбей койгону чарчатты
Негизинен эле Кыргыз-Кытай беттешинен кийин адистер Кыргыз курамасынын алгачкы бөлүгүндө көрсөткөн оюну эң жакшы болду деп айтышат. Алгачкы таймда кыргыз футболчулары бардык күч аракетин жасап, ар бир мүмкүнчүлүгүн колдонуп чабуулдарды жасап жатышты. Кытайдын 90 мүнөт бою жасаган чабуулуна караганда кыргыз футболчулары 1-таймда көбүрөөк чабуул жасап, мыктыраак болушкан.
Бул беттештеги эң негизги маселе Кыргыз курама командасынын оң канатында орун алды. Тагыраак айтканда, Кытай курамасы көбүнчө чабуулдарын биздин сол канатыбыздан өткөрүп жатты. Ошол маалда коргонуунун сол канатына жооп берген Даниэл Тэго өзүнүн жумушун так аткарбай, катачылыктарга жол берген. Кыргыз курамасы коргонууда ойноп жатканда Даниэл Тэго тажрыйбалуу оюнчу катары атаандашынын алдынан чыгып чабуулду токтотпой, тескерисинче, атаандашынын артынан чуркап, топту тартып алууга аракет кылган. Бул көрүнүштөн улам Кайрат Жыргалбек уулу бир нече жолу атаандаштын орто бөлүгүнөн коргонууга кайтып келүүгө аргасыз болгон. Эгерде Даниэл Тэго өз ишин так аткарганда, физикалык абалы боюнча эң мыкты оюнчу саналган Кайрат Жыргалбек уулу Кытайдын ар бир чабуулунда коргонууга кайтпай, Кыргыз курамасынын чабуулдарында көбүрөөк иш аткарганга жетишмек. Ошондуктан бул оюнда Кыргыз курамасынын аксаган жери оң канат болгон. Бул бөлүккө кошумчалай кетсек, биздин дарбазага кирген 2 гол тең оң канаттан келген, бул голдорго күнөөкөр катары Даниэл Тэгону айта кетсек болот.
Ал эми башка эки коргоочу Валерий Кичин менен Тамирлан Козубаев бул беттеште өзүн эң мыкты көрсөтүп, өз ишин толугу менен аткарганга жетишип жатышты. Валерий Кичин жалгыз жок дегенде кыргыз дарбазасын 2 голдон сактап калып, Козубаев экөө бир нече жолу атаандаштын чабуулдарын токтотуп салууга жетишкен.
2. Жарым коргоочулардын бөлүгү: Ахлидин Исраилов гол жаратканы менен командадагы начар оюнчулардын бири болду
Белгилүү болгондой, ар бир командада оюндун жыйынтыгына таасир бере тургандар - жарым коргоочулар. Бул Кыргыз курама командасына дагы тиешелүү жана аталган бөлүктө сөз жарым коргоочулар тууралуу болот.
Жарым коргоо бөлүгүндө мыкты оюн көрсөткөндөрдү белгилей кетсек, алар Эдгар Бернхардт менен Фархат Мусабеков болду. Анткени алар Кыргыз курама командасынын кыймылдаткычы болуп, футболчуларды алдыга чыгарып жатты. Бирок ошол эле маалда Бернхардт оюнду өзүнүн карамагына өткөрө албай, оюнду аягына чыгара алган жок. Кайрат Жыргалбек уулу жөнүндө буга чейин жогоруда айтып кетсек, Бекжан Сагынбаев бул беттеште орточо оюн көрсөттү.
Кыргыз-Кытай беттешинде Ахлидин Исраилов гол жаратканы менен начар оюн көрсөттү. Анткени Исраилов бул беттештин 1-таймында өнөктөшүнүн чыгарып берүүсүн кабыл ала албай, топту бир нече жолу жоготуп алууга үлгүргөн. Андан тышкары Исраилов чабуулдагы жарым коргоочу катары топту алдыдагы өнөктөштөрүнө чыгарып бербей, арттагы коргоочу жана жарым коргоочуларга берип жатты. Бул оюн учурунда так көрүнүп, ошондуктан Александр Крестинин 2-таймда Исраиловду алмаштырды. Ахлидин Исраилов 1 гол киргизгени менен начар оюн көрсөткөндөрдүн катарына кирип калды.
3. Чабуул бөлүгү: 4 жылдан бери бир калыпта жакшы ойноп келе жаткан Виталий Люкс
Биздин чабуулчулар гол киргизбесе дагы жакшы оюн көрсөттү деп айтса болот. Бирок ошол эле учурда Мирлан Мурзаевди бир аз сынга алып, "Мындан дагы мыкты ойной алмаксың" деп айтышыбыз керек. Анткени Мурзаевдин беттеш учурунда көрсөткөн оюну 5тин арасынан 4кө гана бааласа болот. Мурзаев мыктыраак болуш керек эле. Мурзаев 1-таймда бир нече кооптуу чабуулду баштап, өзүн жакшы көрсөтүп жаткан. Бирок 2-таймда Мирлан Мурзаев ага табышталган тапшырмаларды аткарбай калды. Мурзаев команданын капитаны жана лидери катары 2-таймда команданы алдыга чыгармак. Ошондой эле ал өзүнүн жогорку деңгээлдеги оюнун көрсөтүп мыктыраак болуш керек.
Ал эми Виталий Люкс бул беттеште өзүн эң мыкты көрсөттү. Люкс Кытай курамасынын коргоочуларынын айласын кетирди. Люкстун оюнунан улам кытай футболчулар уламдан улам ката кетирип, бир учурда Люкс гол киргизүүгө жакын болгон. Анда Мирлан Мурзаев топту Люкска чыгарып берип, Люкс дарбазачы менен бетме-бет келип, гол киргизе албай койду.
4. 3-ирет үмүттү актабаган дарбазачы Павел Матяш
Кыргыз-Кытай беттешинин жыйынтыгына чоң таасирин тийгизген Матяш тууралуу азырынча айтуунун кажети жок. Оюндун алкагында Матяштын чоң ката кетиргенин көрдүк. Мындан кийинкисин машыктыруучу Алекстандр Крестинин чечүүсү зарыл. Ошондой эле мындай оюндан кийин Матяш калыбына келиши керек. Анткени Матяшты азыркы тапта алмаштыра турган дарбазачы жок. Белгилүү болгондой, курамга дарбазачылар Валерий Кашуба жана Кутман Кадырбеков чакырылып, Кашуба мелдештин стартына чейин жаракат алып калган. Ошондуктан кийинки беттешке чыга турган эң алгачкы талапкерлердин бири Павел Матяш гана болуп эсептелет.