Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзү. 3-бөлүк

Бүгүн, 19-сентябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралат. Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү каралууда. Эске салсак, 16-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги абакка 8 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарган.
Өмүрбек Текебаев эмне иш боюнча жана кандайча соттолду? Бул суроого баш катыргандар көп. Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөздө сүйлөгөн сөзүн толугу менен өзгөртүүсүз тааныштырабыз:

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 1-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 2-бөлүгү ушул шилтемеде.

(Уландысы)

- Эмне үчүн министр Ш.Абдылдаев акционерлердин кезексиз жыйынын күн тартибине «Альфа Телекомдун» башкы директорун шайлоо маселесин киргизди?

«Альфа Телеком» ЖАКсынын Уставына (8.5-пункт) ылайык, гендиректор бир жылдык мөөнөткө шайланат. А.Силич 2009-жылы башкы директор болуп шайланган. Ошондуктан башкы директорду шайлоо автоматтык түрдө күн тартибине кириш керек. Башкы директор кайра-кайра шайланганга укугу бар. Министр Ш.Абдылдаевдин күн тартибине сунушу - сөзсүз А.Силич кетет дегенге жатпайт.

2017-жылы 13-июлда сотто Р.Отунбаева, Э.Каптагаев, 18-июлда Т.Сариев, Э.Ибраимова, К.Дүйшөбаев, 19-июлда А.Бекназаров жана башкалар: "№44-Декретти аткаруу – Мамлекеттик мүлк министрлигинин милдети. Алар улутташтырылган мүлктү мамлекеттик башкарууга алып, көзөмөл жүргүзүү керек. Бул алардын милдети" деп көрсөтмө беришкен.

Мамлекеттик мүлк министрлигинин аракети декретти аткаруу багытында болгон, мамлекеттин акционер катары кызыкчылыгын коргогон жана мыйзамдардын, уставдын негизинде болгон.

Ш.Абдылдаев министрликтен кеткенден кийин да, акционерлердин жыйынын өткөрүүгө бир нече жолу аракет болгон:

- 2011-жылдын 31-мартында Мамлекеттик мүлк министрлиги (МММ) «Альфа Телеком» ЖАКсынын гендиректорунун милдетин аткаруучу А.Абековго кезексиз жалпы жыйынды өткөрүү жөнүндө кат жолдойт.

- 15-апрелге дайындалган жалпы жыйын кворум жок болуп өтпөй калган.

- 2011-жылдын 3-майында Мамлекеттик мүлк министрлиги «Альфа Телеком» ЖАКсынын башкы директорунун милдетин аткаруучу А.Абековго акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүү жөнүндө кат жөнөтөт. Бирок 14-майга дайындалган жалпы жыйын кворум жок болуп, дагы өтпөй калган.

2011-жылдын 16-майында «Альфа Телеком» ЖАКсынын башкы директорунун атына акционерлердин кезексиз жалпы жыйынын чакыртуу боюнча Мамлекеттик мүлк министрлиги кат жөнөтөт.

2011-жылдын 28-майында «Альфа Телеком» ЖАКсынын жалпы акционердик жыйыны өтөт.

«Альфа Телеком» ЖАКсынын башкы директору болуп А.Мурзалиев шайланат.

Ошентип «Альфа Телекомдун» 49 пайызын улутташтыруу боюнча Декрет чыккандан бир жылдан кийин гана аткарылды.

«МЕГАКОМДУН» АЙЛАНАСЫНДАГЫ ТАЛАШ ЖӨНҮНДӨ

1999-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Ресубликасынын жараны У.Байызбеков жеке өзү “БиМоКом LTD” ЖЧКсын түзөт. Уставдык капиталы 1000 (бир миң) сом болгон.

2003-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын жарандары У.Байызбеков менен Б.Бийбосуновдун ортосунда “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын 70% үлүшүн 700 (жети жүз) сомго сатуу-алуу келишими түзүлөт. Ошол эле күнү У.Байызбеков менен “Ankroft limited” компаниясынын өкүлү А.Саркишеванын (Айдар Акаевдин адамы) ортосунда “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын 30% үлүшүн 300 (үч жүз) сомго сатуу-алуу келишими түзүлөт.

2005-жылы 24-мартта элдик революция болуп, Акаев бийликтен кетет.

2005-жылдын 23-майында Бийбосунов менен “Ankroft limited” компаниясынын өкүлү А.Саркишева оффшордук “Penwell Business limited” компаниясынын өкүлү Б.Закировдун ортосунда “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын 70%, 30% үлүштөрүн 700 жана 300 сомго сатуу жөнүндө келишимге кол коюлат.

Ошентип, “Penwell Business limited” компаниясы “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын 100% үлүшүнө ээ болуп калат.

Муну билип калган кыргыз бийлиги 2005-жылдын 18-июлунда “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын лицензиясын токтотот.

Лицензияны кайра алуу максатында, “Penwell Business limited” компаниясынын ээлери “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын 49% үлүшүн К.Бакиевдин баласы - Максим Бакиевге беришет. Ал үлүшүн “Forntek Enterprises limited” деген Гонконг оффшордук компаниясына жаздырат. Компаниянын өкүлү М.Бакиевдин жакын адамы А.Ким болгон. Бул 2005-жылдын 25-октябрында болот.

“Еventis Telekom Holdings LTD” (“Penwell Business limited” компаниясынын ээси) компаниясынын ээси өзгөргөндүгүнө байланыштуу 2008-жылдын 6-майында “Forntek Enterprises limited” компаниясынын директору Х.Маянху “Penwell Business limited” компаниясынын үлүшүн алуу жана “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын составынан чыгаруу талабы менен сотко кайрылат. 2008-жылдын 19-майында Бишкек райондор аралык соту “Forntek Enterprises limited” компаниясынын талабын толук канааттандырат.

2008-жылдын 9-июнунда Бишкек шаардык соту райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырат. 2008-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту төмөнкү инстанциялардын чечимин күчүндө калтырат.

Ошентип “Forntek Enterprises limited” компаниясы “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын 100% үлүшүнө ээ болуп калат.

Дароо эле Максим Бакиев компанияны колдон колго өткөрүп жиберет.

2008-жылдын 24-июнунда “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын 100% үлүшү «Алькантра Трейдинг» ЖЧКсына (казактар) сатылат.

2008-жылдын 30-июнунда “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын 100 пайызын “Эрмен Тоо Ресурсы” ААКсы (казактар) сатып алат.

2009-жылдын 3-июнунда “Ысык-Көл” инвестициялык банкы” менен “БиМоКом LTD” ЖЧКсы келишим түзүшүп, “БиМоКом LTD” ЖЧКсы 80.000.000 (сексен миллион) доллар карыз алат. Ал акчага жабдуу сатылып алынмак. 3-4-июнда акча “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын эсебине которулат. 80 миллион доллар акчаны белгисиз бирөө, Абылов Алмаз Темирбаевичтин атына жазылган жалган паспорт менен “Ысык-КөлИнвестБанк” ААКсынан нак акча менен алып кетет.

Дароо эле “Ысык-КөлИнвестБанк” Бишкек райондор аралык сотко, “БиМоКом LTD” ЖЧКсы менен болгон инвестициялык келишимди жокко чыгаруу жана 80 миллион доллар акчаны кайтаруу талабы менен кайрылат. 2009-жылдын 15-июнунда Бишкек райондор аралык соту Банктын талабын канааттандырат. 2009-жылдын 22-июнунда Бишкек шаардык соту райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырат.

Кыскасы, сот аткаруучу Р.Асанбеков Бишкек райондор аралык соттун 2009-жылдын 7-июлундагы чечиминин негизинде 2009-жылдын 21-июлунда, 28-сентябрда жана 20-октябрда “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын активин ачык сатыкка коёт.

Сатыкта жеңүүчү болуп төмөнкү фирмалар табылган:

- “Редитто Компани” ЖЧК, директору С.Биряльмин, 2,5 миллиард сомго сатып алган.

- “Гретта” ЖЧКсы, директору Р.Оңолбеков, 350 миллион сомго сатып алган.

2009-жылдын 3-июнунда А.Елисеев “Альфа Телеком” ЖАКсын түзөт. Алгач, 100% акция А.Елисеевге тиешелүү болот. 2009-жылдын 14-августунда “Альфа Телеком” ЖАКсынын 99% акциясы “Southfield Management Inc” компаниясына, 1% акциясы “Vesatel United Limited” компаниясына сатылат.

Дароо эле “Альфа Телеком” ЖАКсына лицензия жана “БиМоКом LTD” ЖЧКсы пайдаланып жүргөн жыштык (частота) берилет. “Редитто компани”, “Greta” фирмалары сатып алышкан “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын активдерин “MegaCom” соода маркасын кошо 2009-жылдын 5-августунда, 5-октябрында, 23-октябрында “Альфа Телеком” ЖАКсына сатышат.

2009-жылдын август айынан “Альфа Телеком” ЖАКсы уюлдук байланыш оператору катары “Мегаком” соода маркасы менен иштей баштады.

2010-жылдын 7-апрелинде элдик революция болот. К.Бакиевдер Кыргызстандан качышат.

Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 20-майындагы №44-Декрети менен “Альфа Телеком” ЖАКсынын 49% акциясы улутташтырылат.

2010-жылдын апрель айынан кийин “Penwell Business limited” компаниясы “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын мүлкүн кайтарып алуу аракетин баштайт.

“РТК Лизинг” ААКсынын жана “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын атынан “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын мүлкүн кайтаруу талабы менен сотко кайрылышат. Бишкек райондор аралык соту алардын талабын 2010-жылдын 10-августундагы чечими менен канааттандырат. “Альфа Телеком” ЖАКсынын апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда 2010-жылдын 15-октябрында каралып, канааттандырылбай, райондор аралык соттун 2010-жылдын 10-августундагы чечими күчүндө калтырылат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2011-жылдын 21-июнундагы токтому менен биринчи, экинчи инстанциянын чечимдери күчүндө калтырылат.

Ошентип, Кыргыз Республикасы 49% акциясына ээ болгон “Альфа Телеком” ЖАКсы банкрот болуп, мамлекет куру жалак калуу коркунучу пайда болот.

2010-жылдын 20-сентябрында мамлекеттик мүлк министри Ш.Абдылдаев Кыргыз Республикасынын Генпрокурору К.Байболовго жана Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясына кат менен кайрылат. Каттын биринчи бөлүгүндө Убактылуу Өкмөттүн №44-Декретин аткаруудагы кыйынчылыктар жөнүндө айтылат.

Каттын экинчи бөлүгүндө “Penwell Business limited” компаниясы Кыргызстандын сотторунда өз мүлкүн жана укугун кайтарып алуу үчүн соттошуп жатканын айтат. Эгер “Penwell Business limited” соттон утуп чыкса (биринчи инстанциядан 10-августта уткан эле), 49% акциясы мамлекеттик болгон “Альфа Телеком” ЖАКсы жабдуусу жок калат, андан ары банкрот болушу мүмкүн. Мамлекет чоӊ кирешеден ажырайт. Ошондуктан Генпрокурордон тергөө бүткөнгө чейин бардык соттогу териштирүүлөрдү токтотууга көмөк көргөзсөӊүз деп кайрылат.

2010-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Генпрокурорунун орун басары В.Ивановдун токтому менен мамлекеттин укугун жана кызыкчылыгын коргоо максатында:

  • “Альфа Телеком” ЖАКсынын жана “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын 100% акциясына жана мүлкүнө арест коюлат.
  • “Альфа Телеком” ЖАКсынын 51% акциясы, “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын 100% үлүшү Мамлекеттик мүлк министрлигине убактылуу сактоого берилет.

Мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо жана “Альфа Телекомдун” 100% акциясын мамлекетке алуу зарылдыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникация, курулуш жана архитектура боюнча комитетинин 2011-жылдын 1-февралындагы чечимдеринде көргөзүлгөн.

Депутаттардын сунушунун маӊызы төмөндөгүдөй:

“Альфа Телеком” ЖАКсынын 51% А.Елисеевдики деп таап, ага каршы көрсөтүлгөн иштердин рамкасында мамлекеттин пайдасына конфискация кылуу.

2012-2013-жылдары Генпрокуратура, Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан ушул план ишке ашырылган. Натыйжада “Альфа Телеком” ЖАКсынын 100% акциясы мамлекетке өтүп, мамлекет жылына миллиарддаган сом дивиденд ала баштады. Бул иште Кыргыз Республикасынын ошол кездеги Генералдык прокурору Аида Салянованын эмгеги зор болгон.

2011-жылдын 21-июнунда «Пенвелл» Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда утат. Анын сыры – Кыргыз Өкмөтүндөгү таасирдүү адамдар «Пенвеллди» колдоп турган.

2011-жылдын февраль айында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Атамбаев менен Россия Федерациясынын премьер-министри В.Путин жолугушат. Ошол жолугушууда А.Атамбаев В.Путинге Кыргыз Өкмөтү «Альфа Телекомдун» 51%ын мамлекеттин менчигине албайт деп убада берет. Бул макулдашууну март айында Ф.Ниязов «Фергана.ру» сайтына интервью берип: "А.Атамбаев «Альфа Телекомдун» 51%ын Кыргыз Өкмөтү мамлекеттин менчигине албайт. Россиянын компаниясы иштей берсин. Бизге налог, дивиденд төлөп турса эле болду деп айткан", - деп жарыялаган.

"…мыйзамдарга толук ылайыкташтыруу жана акционерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо менен, кырдаалдын мүмкүн болушунча батыраак чечилиши керек экендиги тууралуу тараптар бир пикирге келишти. Кыргыз тарап 51 пайызды улутташтыруунун зарылчылыгы жок экени жөнүндөгү маселени белгиледи, компаниянын салык мыйзамдарын абийирдүүлүк менен аткарганы жана тийиштүү дивиденддерди мамлекетке төлөгөнү эле маанилүү".

Бул убадалар Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдында берилген.

2011-жылдын апрель айларында А.Атамбаевдин аялынын банктагы счётуна 3 миллион доллардай акча келип түшөт.

2011-жылдын апрель айында премьер-министр А.Атамбаев Жогорку Кеӊешке «Альфа Телекомдун» улутташтырылган 49%ын приватташтыруу демилгеси менен чыгат.

Жогоруда айтылгандай, 21-июнь күнү «Пенвелл» Жогорку Соттон утат.

Ө.Абдрахманов жетектеген депутаттык комиссия "…обеспечить дальнейшую передачу 51% добросовестному собственнику (инвестору) при принятии судом окончательного решения о признании за ним права на 51% акции ЗАО "Альфа Телеком" деп, Өкмөткө тапшырма берет. Эмне бул кокусунан болгон дал келүүчүлүкпү? Бул чечим «Пенвеллге» канчага турду экен?

Бирок А.Атамбаевдин «Альфа Телеком» ЖАКсынын 49% акциясын сатуу ниети ишке ашпайт. Жогорку Кеӊештин талабы менен Генералдык прокуратура «Альфа Телекомдун» калган 51% акциясын конфискация жолу менен мамлекеттин менчигине сот аркылуу алууга жетишет. Эми Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаев «Альфа Телеком» ЖАКсынын 100% акциясын 2015-жылы, 2016-жылы, 2017-жылы сатканга аракет кылат. Бирок сатып алуучу «чыкпайт». А.Атамбаев Конституцияны бузуп, сата албадыӊ деп Мамлекеттик мүлк фондунун директорун бошотот. Жаӊы директорго сатасыӊ, сата албасаӊ кетесиӊ деп публично тапшырма берет. Бирок дагы аукцион болбой калды.

Жогорку Кеӊеш «Альфа Телеком» ЖАКсынын акциялары сатылбасын деп алган чечимине карабай, А.Атамбаев «Альфа Телеком» сынаксыз түз сатылсын деген Конституцияга каршы чечимин Коопсуздук кеӊеши алат.

Ошентип «Мегакомдун» баасы эки жарым эсе азайды. Ушул окуялар быйыл Л.Маевскийдин Кыргызстанга келиши менен шектүү дал келип жатат. Л.Маевскийдин «Мегакомго» көзү кызарып жүргөнү баарына белгилүү.

Эмне үчүн А.Атамбаев «Мегакомду» президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин сатып кетейин деп шашып жатат? Мыйзамдарды бузуп шашып жатат.

Кийинки жылы, кийинки президентке, өкмөткө акча керек эмеспи? Атамбаев менен кошо Кыргызстандын күнү бүтөбү?

Менин оюмча, «убадасын» аткарып кетейин деп шашып жатат.

Мен башкача түшүндүрө албайм.

(Уландысы бар)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан