Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзү. 2-бөлүк

Эртең, 19-сентябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралат. Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү каралууда. Эске салсак, 16-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги абакка 8 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарган.
Өмүрбек Текебаев эмне иш боюнча жана кандайча соттолду? Бул суроого баш катыргандар көп. Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөздө сүйлөгөн сөзүн толугу менен өзгөртүүсүз тааныштырабыз:

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 1-бөлүгү ушул шилтемеде.

(Уландысы)

“Ш.Абдылдаевсиз мени кылмыш жообуна тартуу мүмкүн эмес...”

- Кылмыш ишинин материалдары көргөзүп тургандай, Шералы Абдылдаев «Альфа Телеком» ЖАКсы боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алган эмес, эч кимден акча сураган эмес, эч кимден акча алган эмес, эч кимге убада берген эмес.

Анда эмне үчүн Ш.Абдылдаевди Башкы прокуратура айыптуу деп таап жатат? Себеби жөнөкөй эле. Ш.Абдылдаевсиз мени кылмыш жообуна тартуу мүмкүн эмес.

Менин аракеттеримден кыйкым таба албагандыктан, 2010-жылы мамлекеттик мүлк министри болуп турган Абдылдаев Шералынын жана ал жетектеп турган министрликтин «Альфа Телеком» ЖАКсы боюнча кабыл алган чечимдерин бурмалап, айтылып жаткан кылмышка байлоого аракет кылып жатышат.

Кылмыш иши козголгондон эки айдан кийин, 2017-жылдын 21-апрелинде гана Абдылдаев Шералы Итибаевичти айыпталуучу деп табышты.

Деги мени эмнеде айыптап жатышат?

- Башкы прокуратура “Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Ш.Абдылдаев (Абдылдаевсиз иш бузулат) жана Т.Маматкеримов жана башкалар Орусия Федерациясынын ишкери Л.Маевский менен байланышып, "Альфа Телеком" ЖАКсынын жетекчилигине сенин адамыӊды дайындап беребиз деп, андан 1 (бир) миллион АКШ долларын алышкан. Берген убадаларын аткарыш үчүн аракет кылышкан", - дейт.

Андан ары Башкы прокуратура төмөндөгүдөй жомок токуйт: "Л.Маевский 2010-жылдын 27-июлунда Ө.Текебаев койгон шартка макул болуп, 1 (бир) миллион АКШ долларынын 300 миң долларын Бишкекке алып келет. Ал акчаны Ө.Текебаев менен Д.Чотоновго берип кой деп А.Модинге "Хаят" отелинде берет".

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри Ш.Абдылдаев, Ө.Текебаев түзгөн кылмыштуу топтун кызыкчылыгын көздөп, өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруу жолунда, «Альфа Телеком» ЖАКсынын башкы директору А.Силичке, «Альфа Телеком» ЖАКсынын акционерлеринин кезексиз жыйынын чакырууну жана күн тартибине:

- Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- Коомдун директорлор кеңешин, анын Төрагасын жана ревизорду шайлоону сунуштап, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин №06/1-2631 номерлүү катынын жөнөтүлүшүн демилгелейт".

Башкы прокуратура Ш.Абдылдаев, Ө.Текебаевдин көрсөтмөсү менен аракет кылып жатат деп, Л.С.Маевский Бишкекке келген күнү каттын жөнөтүлүшү, эки окуянын байланышы бар экенин далили катары көргөзгөнгө аракет кылат.

Мамлекеттик мүлк министри Ш.Абдылдаев кимдин буйругун аткарды, кимдин кызыкчылыгын көздөдү, эмне үчүн ошол күнү кат жөнөттү?

- Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен 2010-жылдын 23-апрелинде Абдылдаев Шералы Итибаевич Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалат.

2010-жылдын 20-майында Убактылуу Өкмөттүн «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун акцияларынын 49 пайызын мамлекеттештирүү жөнүндө №44-Декрети кабыл алынат.

Декреттин 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги «Альфа Телеком» ЖАКсынын акцияларынын 49 пайызынын мамлекеттештирилгенине байланыштуу:

- «Альфа Телеком» ЖАКсынын акционерлеринин жалпы чогулушун өткөрүүнү демилге кылсын;

- «Альфа Телеком» ЖАКсынын жаңы уюштуруу документтерин бекитсин жана кайрадан каттоону жүргүзсүн;

- «Мегаком» мобилдүү байланышынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылсын;

- «Альфа Телеком» ЖАКсынын акцияларынын 49 пайызын мамлекеттештирүүдөн келип чыккан башка маселелерди чечсин", - деп, Мамлекеттик мүлк министрлигине тапшырма берилет.

Министр Ш.Абдылдаев ушул декреттин аткарылышын камсыз кылуу үчүн чараларды көрөт. Тиешелүү чечимдерди кабыл алат.

Ш.Абдылдаев мындай дейт: "2010-жылдын май айында Башкы прокуратуранын сунушу менен бир топ объект, ошонун ичинде «Альфа Телеком» ЖАКсынын 49% акциясы улутташтырылган. Эмне үчүн 49 эле процент акция Бакшы прокуратуранын справкасында негизделген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги декреттерди гана аткаргам" (II том, 210-бет).

Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Суеркул Бакиров стратегиялык объектилерди, ошонун ичинде «Альфа Телеком» ЖАКсын караган.

С.Бакиров мындай дейт: "Декретти аткаруу үчүн 49% акцияны акционерлердин реестрине каттатуу керек эле. Реестр кармоочу болуп «Региструм» деген ЖЧК турган. Жетекчиси Молтоева Зарина эле" (VII том, 87-бет).

2010-жылы Мамлекеттик мүлк министрлигинин стратегиялык объектилерди менчиктештирүү жана өнүктүрүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Илья Черный мындай дейт: «Менин бөлүмүмө Убактылуу Өкмөттүн улутташтыруу боюнча Декреттерин аткаруу тапшырылган эле. Ошолордун ичинде «Альфа Телеком» ЖАКсы боюнча да. «Альфа Телеком» ЖАК боюнча бардык документтерди мен даярдагам. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен байланышып, кат алышып, маселелерди мен даярдагам. Мен даярдаган суроолорго, кайрылууларга, каттарга министрликтин статс-катчысы С.Бакиров кол койчу эле. Ошол эле убакта реестр-кармоочу ЖЧК «Региструм» «Альфа Телекомдун» акцияларын кайра каттоодон баш тартты. Прокуратурага кайрылып жүрүп, акцияларды араң каттаттык» (VII том, 116-бет).

2017-жылдын 5-июлунда И.Черный сотто көрсөтмө берип, төмөндөгүнү айтты: "Мага статс-секретарь С.Бакиров тапшырма берсе да, бербесе да ошол иштерди кылышым керек эле. Анткени мен Убактылуу Өкмөттүн декреттерин аткарууга милдеттүү элем. Декретке ылайык, «Альфа Телеком» ЖАКсынын акционерлеринин жалпы жыйналышын чакырышыбыз керек эле. Биздин акционерлердин жыйналышын чакыруу демилгебиз мамлекеттин кызыкчылыгында болгон. «Альфа Телеком» ЖАКсынын башкы директорлугуна кандидатура жылдырылган эмес".

2010-жылы 20-сентябрда Ш.Абдылдаев Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Байболовго жана Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясына кат жолдойт. Анда: «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы №44-Декрети менен Убактылуу Өкмөт «Альфа Телеком» ЖАКсынын 49% акциясын улутташтырат.

Бирок кайсы акция ээсинин менчиги мамлекеттин менчигине алынат - Декретте көргөзүлбөй калган. Декрет Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 27-апрелиндеги сунушу менен кабыл алынганын эске алып, Мамлекеттик мүлк министрлиги эки жолу (16.06.2010-ж., чыг.№06/1-1979 жана 02.07.2010-ж., чыг.№06/1-2237) Башкы прокуратурага, ошондой эле Убактылуу Өкмөттүн Сот жана прокуратура органдарынын ишинин координатору А.Бекназаровго (15.07.2010-ж., чыг.№06/1-2420) кайсы менчик ээсинин акциясы мамлекеттин менчигине алыныш керек, аныктап бериӊиздер деген сунуш менен кайрылдык.

2010-жылы 19-июлда Убактылуу Өкмөт «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» №102-Декретин кабыл алат.

Ал декретте Убактылуу Өкмөттүн улутташтыруу боюнча №42, 43, 44, 45, 46, 47, 48, 49, 50, 51, 54, 55, 57, 58, 59, 60, 61, 74, 78 декреттерине төмөндөгүдөй өзгөрүү кирет:

1-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине ылайык» деген сөздөр алып салынсын,

төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толукталсын:

«5. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн.» (VI том, 136-146-беттер).

2010-жылдын 20-июлунда Мамлекеттик мүлк министрлигине Башкы прокуратуранын тергөө тобунун жетекчиси К.Арпачиевден (чыг.№8-4 20.07.2010-ж.) кат келди…

Бул катта тергөө тобунун жетекчиси «Альфа Телеком» ЖАКсынын «Southfield Management.inc.» ке жазылган 49% акциясын кайра каттатуу керек деп билдирилген» (VI том, 38-39-бет).

Ошентип «Региструм» ЖЧКсы мамлекеттин 49% акциясын 2010-жылдын 23-июлунда каттайт. Бул жума күн болот. 26-июль дүйшөмбү күнү И.Черный жетектеген бөлүм «Альфа Телеком» ЖАКсынын башкы директору А.Силичтин атына, кезексиз акционерлердин жыйынын чакыруу боюнча кат даярдайт. Эртеси, 27-июлда статс-катчы С.Бакиров катка кол коюп, Силичке жөнөтөт.

Каттын 27-июлда жөнөтүлүшү, 27-июлда Л.Маевскийдин Кыргызстанга келиши менен байланышы жок. Ал көрүнүп турат.

2010-жылдын 4-августунда «Альфа Телекомдун» башкы директору А.Силич акционерлердин кезексиз жыйыны 25-август күнү саат 10.00гө дайындалды деп Мамлекеттик мүлк министрлигине кат жөнөтөт.

24-август күнү статс-катчы С.Бакиров «Альфа Телекомдун» башкы директору А.Г.Силичке директорлор кеңешине жана ревизорлугуна талапкерлердин тизмесин жөнөтөт.

Эртеси, 25-августта акционерлердин кезексиз жыйыны болбой калат.

“Өкмөт Улутташтырылган объектилерди башкаруу фондун түзөт”

- А.Муралиев жетектеген жаңы Өкмөт улутташтырылган объектилерди мамлекетке алуунун жүрүшүнө ичи чыкпай, 2010-жылдын 18-августунда №167-Өкмөттүн токтому менен Мамлекеттик мүлк министрлигинин алдында Улутташтырылган объектилерди башкаруу фондун түзөт. Фондго директор болуп Азамат Мурзалиев дайындалат. Ал бир эле убакта министрдин орун басары болуп дайындалат.

2010-жылдын 14-сентябрында Декреттин тапшырмасын аткаруу үчүн, мыйзамдардын жана «Альфа Телеком» ЖАКсынын Уставына ылайык министрлик акционерлердин кезексиз жыйналышын чакыруу боюнча кайрадан «Альфа Телекомдун» гендиректору А.Силичке кат жөнөтөт. Бул жолу катка министр Ш.Абдылдаев өзү кол коёт.

Уставдын 7.27.2-пунктуна ылайык, башкы директор он күндүн ичинде, демек, 24-сентябрга чейин акционерлердин жыйынын чакырууга милдеттүү эле. Бирок Силич чакырбайт. Силичке Башкы прокурордун орун басары В.Иванов жардамга келет.

Ал өзүнүн 2010-жылдын 5-октябрында токтомун чыгарып, «Альфа Телеком» ЖАКсынын 100% акциясын камакка алат. В.Иванов улутташтырылган, мамлекетке өткөн 49 пайызды да камакка алып, мамлекеттин укугуна да чек коёт.

Эми эч ким жыйналыш өткөр, отчёт бер деп А.Силичке талап коё албай калды.

(Уландысы бар)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
luna.kg
2017-09-18 20:41:51
Шайлоо откучо чыгарбай калдыгоо.Эгер чыкса созсуз дагы тополон кылышы аныкта.Текени аран камапалышты эми чыгарышы кыйын.
+3
Snejana
2017-09-18 23:09:56
luna.kg,Текебаев кандайча тополон кылышы мумкун. Сенин козун ачыкпы?, же саясий экспертсинби?
-2
ZHYRGAl1412
2017-09-18 21:45:56
10күн жарыш сөз сүйлөсөда чыгарбайт оозунун ооруганы калат
+1
Karban86
2017-09-18 23:58:39
Бир убак келет каша менен эркекче учообуз олтуруп суйлошуп алабыз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан