Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралууда. Талкуу депутаттардын көпчүлүгүнүн чечими менен жабык эшик артында талкууланып жатат.
Буга чейин 26-сентябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети долбоорду 2-окууда жактырган.
КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков эмне себептен Кыргыз-Өзбек чек арасы жөнүндө мыйзам долбоору журналисттердин катышуусуз каралып жатканын SUPER.KG порталына түшүндүргөн. "Талкуулоодо эч кандай жашыруун нерсе жок. Бул мыйзам долбоору эки мамлекеттин мамилеси жөнүндө болуп жаткандыктан жабык өтүшү керек. Себеби талкуу учурунда ар кандай сөздөр болушу мүмкүн. Айрымдар түшүнбөй туура эмес сүйлөп алат. Такталбаган сөздөр сыртка чыгып кетпеши үчүн жабык өтөт. Мындай сөздөр эки өлкөнүн мамилесине залакасын тийгизиши ыктымал. Жыйынтыгы так болгондон кийин гана жарыя кылуу керек", - деп түшүндүргөн депутат.