Ар бир бала мектепте билим алууга укуктуу. Балдардын мектепке барбай калышына түрдүү социалдык көйгөйлөр себеп болушу мүмкүн. Алардын катарында коррупциялык схемалар да бар экени өкүнүчтүү.
Сентябрь айында "Элдик кабарга" 3 баласын мектепке киргизе албай жатканын айткан Бактыгүл Тиленбаева өткөн айдын жеңүүчүсү болду. Ал мектепке кабыл алуу үчүн №84-мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары ар бир баласына 2 миң сомдон сураганын билдирген эле.
Окурмандын билдирүүсү жарыяланган соң Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова балдар мектепке кабыл алынарын айткан.
Бактыгүл Тиленбаева мурун үй-бүлөсү менен Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында жашап турушкан. Азыркы тапта Бишкектин Ак-Ордо жаңы конушунда жашап жатышат. Өзү ашканалардын биринде иштеп күнүнө 450 сом аларын, каражат балдарынын күнүмдүк керектөөлөрүнө гана жетерин айтты.
"Биз айылда жашап жатканда балдарды мектепке кабыл алуу боюнча көйгөйлөр жок болчу. Өзүм деле айрым иштерге демөөрчү болуп калчумун. Бул жакка жайында келдик. Балдарымды өзүм карап жатам. Ашканалардын биринде иштеп тапкан айлык маянам балдарымдын жол киреси жана башка керектөөлөрүнө жетет. Окуу башталарда балдарымды мектепке киргизе албай жаттым. Балдарымдын атасы биз менен чогуу жашабайт. Жардам бер деп айтканымда ал да мектептерге барып жатты. Бирок киргизе албай интернеттен "Элдик кабардын" номерин алып байланыштым. Ар бирине 2 000 сомдон сураганда карызга акча алып болсо да киргизем деген ойлор болду. "Элдик кабарга" билдирүүм чыккандан кийин балдарым мектепке кабыл алынды. Азыр баары окуп жатышат. №84-мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары азыр 6-класста окуган баламдын класс жетекчиси экен. 4-класста окуган кызымдын классында ар кандай акча чогултуулардын жалпы суммасы 1900 сом болуп жатат. Мектептерде коррупция жоюлса жакшы болмок", - деди Бактыгүл Тиленбаева.
"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдагы жеңүүчүлөрү: