Бишкек шаардык соту "Заноза" сайтына карата чыккан чечимди күчүндө калтырды

Бүгүн, 4-октябрда Бишкек шаардык соту "Заноза" сайтына карата чыккан Биринчи Май райондук сотунун чечими боюнча апелляциялык даттанууну карады. Бирок соттук коллегия райондук соттун чечимин эч өзгөрүүсүз калтырды. Чечимге ылайык, сайт жарыяланган макаланы төгүндөп, өлкө башчысынын пайдасына 3 миллион сом төлөшү керек.

Айта кетсек, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кипрге барып келгендиги тууралуу комментарийи президенттин аброюна шек келтирди деп башкы прокурор Индира Жолдубаева эки сайттан 13 миллион сом ("Азаттыктан" 10 миллион сом, "Занозадан" 3 миллион сом) моралдык чыгым өндүрүү талабы менен сотко кайрылган. Бирок кийин "Азаттыкка" карата доо арызын кайтарып алган.

Буга чейин, 30-июнь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту башкы прокурордун биринчи доо арызын толук канааттандырып, “Заноза” сайттынын башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып жана Чолпон Жакупованы ар бирин 3 миллион сомдон доого жыккан. Ушул эле күнү дагы бир доо арыз каралып, анда соттун чечими менен “Заноза” сайты жана журналист Нарын Айып өз-өзүнчө 3 миллион сомдон төлөөгө милдеттендирилген.

Ал эми 3-июль күнү кезектеги доо арыз боюнча соттук отурум болуп өтүп, анда да Башкы прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, сайт 6 миллион сомго, Нарын Айып 3 миллион сомго доого жыгылган болчу. 4-июль күнү “Ата Мекен” партиясынын адвокаттарына байланыштуу доо арыз боюнча “Заноза” 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

Жогорудагы Октябрь райондук сотунун чечимдерин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Leilek-razzakov
2017-10-04 18:53:57
Супер Инфо кечиресиз Россиядабы же Москвадабы Лейлектик бироо каза болуптур туугандары, жакындары изделип жаткан ушул боюнча элчиликтен маалымат алып бергилечи. Соокту 2-3 кундо алып кетпесе морг кетет экен деп ооз эки уктум. Чынбы? Жалганбы? Билип бериниздерчи.
0
admin_superstan
2017-10-05 10:46:30
Leilek-razzakov, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан