Равшан Жээнбеков телефон аркылуу журналистке сыр деп айткан сөзүнүн интернетке тарап кеткени боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков журналист менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү интернетке тарап кеткени боюнча пикирин айтты.

"Өмүрбек Текебаевдин Өмүрбек Абдрахманов менен жолукканы боюнча сөздөр болгон. Өлкөдө ушак катарында айтылып жүргөн бардык сөздөрдөн кабарыбыз бар да. Бардыгын уккам. Депутат болсом, көрүнүктүү саясатчылардын бири болсом, кантип өлкөдө болуп жаткан нерселерди билбейин? Ооба, Абдрахманов барып келгенин билем жана уккам. Кайсы күндөрү экенин билбейм. Жалпысынан уккандарым бар деп болгонун болгондой айтып жатам. Эми, албетте, ушак катарында бардыгын билебиз да", - деди Жээнбеков.

"Кеп анда эмес, кеп ошол ушак сөздү пайдаланууда. Эмне үчүн эгер бийлик адилеттүү жана мыйзамдуу болсо, Абдрахманов 5 жыл бою айтып жүргөндө текшерген жок эле? Эмнеге бийлик ошол сөздү өзүнө керек болгондо гана саясий максатта пайдаланып жатат? Кеп ушул маселеде. Андан да көбүрөөк нерсеси: ошол ушак далилденген жок. Так далил болмоюнча, адамдын күнөөсү бар болсо дагы адамды күнөөлүү деп айта албайбыз. Адамдын күнөөсүн бир гана далил менен айта алабыз. Бүгүнкү күндөгү сот чечиминин же бийликтин жалпы фальсификациялаган кылмыш иштери, соттордун көз карандылыгы бизде бийликке жана сотторго ишеничти жок кылып койгон. Текебаевдин күнөөсүн так, кайткыс, адам ишенгендей кылып далилдей алышпаганын соттук процесстерде көрүп жатабыз. Ошондуктан ал ушак сөздөр далилденбей калды", - деп түшүндүрдү саясатчы.

Андан соң Жээнбеков телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү тыңшоого кимдер укуктуу экенин билдирди. "Телефондук сүйлөшүүлөрдү угуулардын артында сөзсүз түрдө атайын кызматтар турат. Мындай таза жана профессионалдуу аудиожазууну бир гана ошолор жасай алышат. Же болбосо атайын кызматтарга уруксат бере турган бийликтин тегерегиндеги уюмдар бар. Эгер сот санкция берип уга турган болсо, анда ал мыйзамдуу жана ал боюнча сотто далил катары пайдаланууга укук берилет. Сот тарабынан санкция берилбей уга турган болсо, анда ал мыйзамсыз", - деди Равшан Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
adilbars
2017-10-05 09:24:50
Ушакчылар! Жалган сөздөрдү атайын сүйлөп, кимдир бирөөнүн заказын аткарып жатасынар ээ! Эртен "жаңы жагдайлар ачылып жатат" деп делого кошулат да!
+3
adilbars
2017-10-05 09:27:57
Билебиз Абдрахманов экөөнүн тең Ата Мекенден депутат болуп, анан кайра партиядан куулуп чыкканын! Тек гана, булардын жалганы деле, чыны деле суу кечпейт го! Башка адамдардын оозунан ушул фактылар угулса ишенмекпиз. Нгедир только мошенниктер күбө, мошенниктер көрсөтмө берет. Камактагылардан барып сурашат дегендей.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан