Бүгүн, 7-октябрда интернетке Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун пайдасы үчүн жарыштан чыккан Бакыт Төрөбаев делген адамдын Талант деген адам менен телефон аркылуу сүйлөшкөн аудиосу тарады.
Бул аудио кайсы учурда жазылганы азырынча белгисиз. Төрөбаевдин БШКдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алмаз Конутаевдин SUPER.KG'ге билдиришинче, аудиодо сүйлөп жаткан Бакыт Төрөбаев эмес. "Аудиодо Талант деген менен сүйлөшүп жаткан адам "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев эмес. Ал адамдын үнү Төрөбаевдикине таптакыр окшошпойт, монтаж болушу мүмкүн", - деди Конутаев.