18:30 Футбол боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын 4-турунун алкагында Мьянма-Кыргыз беттеши башталды. Беттеш Мьянманын Янгон шаарында өтүп жатат. Бул беттеш 5-сентябрда болбой калган оюнга жооптук оюн катары орун алууда.
Кыргыз улуттук кураманын негизги курамында төмөнкү футболчулар чыгышты:
Дарбазачылар:
Павел Матяш (клубу жок).
Коргоочулар:
Азамат Байматов ("Сохар" Оман) - капитан;
Тамирлан Козубаев ("Дордой");
Авазбек Откеев ("Дордой");
Валерий Кичин ("Енисей", Орусия);
Жарым коргоочулар:
Виктор Майер ("Виденбрюк", Германия);
Бахтияр Дүйшөбеков ("Абдыш-Ата");
Фархат Мусабеков ("Алмалык", Өзбекстан);
Эдгар Бернхардт ("Сталь Мелец", Польша);
Антон Землянухин (клубу жок).
Чабуулчулар:
Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия);
18:37 Виктор Майер атаандашынын дарбазасына чабуул жасап гол киргизгенге аракет жасады. Бирок Мьянманын дарбазачысы эреже бузду. Калыс Кыргыз футболчуларга пенальти тепкенге мүмкүнчүлүк берди.
18:38 Топко Антон Землянухин келип, таамай сокку менен эсеп санын ачты. Эсеп 0:1.
18:44 Мьянманын футболчулары чабуул жасаганга аракет жасап жатышат. Бирок кыргыздардын коргонуусу мыкты болууда.
18:47 Мьянманын чабуулчусу Кыргыздын айып аянтчасына кирип келип сокку жасады, аны Азамат Байматов тосуп, атаандаштын чабуулун токтотту.
18:48 Талаа ээлери сол канаттан чабуул жасаганы менен Авазбек Откеев коргонууда мыкты ойноп соккуга жол берген жок.
18:49 Кыргыз футболчулар чабуулга барып, бурчтан көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алды. Виктор Майер топту атаандашынын дарбазачысынын колуна көтөрүп бергенге үлгүрдү.
18:52 Валерий Кичин чабуулга чыгып Мьянманын оюнчусун жыгып эрежени бузду.
18:53 Мьянманын оюнчулары чабуулга барып Павел Матяш менен жекеме жеке чыкканга аз калды. Мьянманын футболчулары кооптуу абал жаратканы менен, соккусу таамай болгон жок.
18:56 Антон Землянухин Мьянманын футболчусун жыгып эреже бузду. Мьянманын футболчусунун соккусун Павел Матяш тосуп алды.
18:58 Виктор Майер атаандашынын айып аянтчасына чейин кирип келип сокку узатты. Топ дарбазадан 1 метр алыстыкта өтүп кетти.
19:00 Валерий Кичин сол канаттан айып аянтчага көтөрүп бергенге жетишти. Бирок Антон Землянухин топко жетишпей, чабуул соккуга чейин барган жок.
19:01 Оюн жүрүшү бир аз тынчтанып калды. Топ негизинен талаанын орто бөлүгүндө жүрүүдө.
19:03 Виктор Майер оң канаттан чабуулга бара жаткан атаандашын түртүп жыгып, эреже бузганга барды.
19:04 Антон Землянухин оң канаттан атаандашын алдап өткөнгө аракет жасады, аны коргоочу жыкканы менен калыстын ышкырыгы жаңырган жок.
19:06 Мьянма курамасы Кыргыздардын айып аянтчасына топ көтөрүп берген, чабуулчу башы менен сокку жасаганга үлгүрдү. Сокку таамай болбой дарбазанын үстүнөн өтүп кетти.
19:07 Мьянма чабуул жасаганга аракет кылууда. Кыргыз футболчулар мыкты коргонуп, топту айып аянтчага алыс чыгарууда.
19:11 Мьянманын оюнчулары контр-чабуулга барып сокку жасады. Павел Матяш соккуну тосуп калды.
19:12 Мьянма кайрадан чабуулда. Кыргыз футболчулардын көп ката кетирүүсү байкалууда. Мьянма футболчуларынын соккусу таамай эмес болуп калып жатат.
19:15 Калыс беттештин аягына 1 мүнөт кошту. Кыргыздар чабуул жасады. Бирок Майер оффсайд абалында болуп калып, чабуул токтоду.
19:16 Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аяктады. Эсеп 0:1 Кыргыз өлкөсү алдыда.
Өзүңүздөр байкагандай, Кыргыз футболчулары колдоруна кара "аза тасмасын" байлап алып оюн жүргүзүшүүдө. Кара тасманы байланып ойноо 7-октябрда жол кырсыгынан каза болгон Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Темир Жумакадыровдун көз жумганына байланыштуу.
19:31 Калыстын ышкырыгы жаңырып, 2-тайм башталды.
19:32 2-тайм Мьянманын чабуулу менен башталды. Мьянма айып аянтчага чейин жеткени менен, соккуга чейин жеткен жок.
19:33 Виталий Люкс сокку жасады, топ атаандашына тийип өтүп голго чейин бир аз жетпей калды.
19:35 Виктор Майер Мьянманын футболчуларын алдап өтүп, таамай сокку тепти. Гоо-ол! Эсеп 0:2.
19:36 Кыргыздар кайрадан чабуулда Виталий Люкстун соккусун дарбазачы тосуп алды.
19:37 Талаа ээлери гол киргизгенге шашылууда.
19:38 Мьянма оң канаттан чабуул жасап, таамай сокку менен эсепти 1:2 кылды. Кыргыз коргоочулары атаандашынын артынан жетишпей голду өткөрүп жиберди.
19:39 Мьянманын оюнчуларынын өзүнө ишеничи пайда болуп байма-бай чабуулга барууда.
19:41 Виктор Майер атаандашын жыгып сары айып кагазын алды.
19:42 Мьянманын чабуулдары жыйынтыксыз болууда. Ал эми Кыргыз футболчулары орто бөлүктө кайрадан кайра топту жоготууда.
19:43 Виталий Люкс атаандашынын айып аянтчасына чейин барганы менен сокку жасай алган жок.
19:44 Кыргыз курамасында алмашуу: Виктор Майер талааны таштады, анын ордуна Кайрат Жыргалбек уулу кирди. Павел Матяш топту узакка кармаганы үчүн сары айып кагазына ээ болду.
19:47 Мьянма футболчулары көпчүлүк учурда Кыргыздардын бөлүгүндө жүрүүдө. Чабуул жасоо аракеттерин Кыргыз коргоочулар токтотуп жатат.
19:48 Кыргыз футболчулар каптал сызыктан топту чыгарып, чабуул жасаганга аракет кылууда.
19:50 Кыргыздар чабуул жасап, бирок гол киргизе алышкан жок.
19:52 Мьянманын оюнчусу бутун кайрып алып көк майсаңга жатып калды. Мьянма курамасында алмашуу орун алары күтүлүүдө.
19:54 Мьянма командасы шашпай чабуулга барууда. Топту Кыргыздын айып аянтчасынан алыс кармоодо.
19:56 Кыргыздардын жана Мьянма командаларында алмашуу орун алды. Кыргыз курамасында Мирлан Мурзаев Антон Землянухиндин ордуна чыкты.
19:57 Кыргыздар чабуулга чыкты. Виталий Люкс топту көпкө кармаганга барууда. Мындан улам Мьянманын оюнчулары топту тартып алып, контр чабуулга өтүштү.
19:59 Кайрадан Кыргыз командасы чабуулга чыкты. Бирок Кайрат Жыргалбек уулу оффсайдда болуп калып топту Мьянма ойнотууда.
20:00 Мьянма чабуулга барып Кыргыздардын айып аянтчасына топту көтөрүп берген. Мьянманын оюнчусу башы менен сокку жасап аз жерден гол кирип кете жаздады. Павел Матяш өз ордунда.
20:01 Эдгар Бернхард Мьянманын футболчусун жыгып, сары айып кагазын алды.
20:03 Мьянма курамасында алмашуу орун алды.
20:04 Кыргыз курамасында дагы алмашуу болду. Талаа үстүнө Фархат Мусабековдун ордуна Азиз Сыдыков чыкты.
20:05 Мьянманын оюнчусу алыстан Павел Матяштын дарбазасына сокку жасады. Сокку таамай болбой дарбазанын үстүнөн өтүп кетти.
20:07 Кыргыздар атаандашынын дарбазасына жакындаганга аракет кылууда. Бирок ката кетирип топту атаандашына өткөрүп ийди.
20:09 Кайрат Жыргалбек уулу айып аянтчага Виталий Люксту көздөй көтөрүп берди. Бирок Люкс топту тосо албай, топ талаадан чыгып кетти.
20:10 Мьянманын чабуулу жыйынтыксыз бүтүп калды. Футболчулар таамай болбой жатат. Ал эми кыргыздар коргонууда мыкты ойношу керек.
20:13 Кайрат Жыргалбек уулу контр-чабуулга чыкты, аны атаандашы артынан жыгып салды. Калыс Мьянманын оюнчусуна сары кагаз көрсөттү.
20:15 Мьянма гол киргизгенге шашылып чабуул жасоодо. Кыргыз футболчулары чарчап калгандай, коргонууда бир топ ката кетирүүдө. Ал эми Мьянма футболчуларынын соккулары уламдан улам дарбазага жакын өтүп жатат.
20:17 Калыс 2-таймга 4 мүнөт кошту.
20:18 Мьянма командасы Павел Матяштын катасынан пайдаланып, тилекке каршы, эсепти 2:2 кылды.
20:20 Беттеш аяктады. Эсеп 2:2. Кыргыз жана Мьянма курамалары бул жыйынтык менен өз пайдасына 1 упайдан алышты.
Учурда "А" тайпасында Кыргыз футболчулары 4 упай менен 2-орунду Мьянма курамасы менен бөлүшүп келүүдө. Индия курамасы 3 турдун жыйынтыгында бардык атаандаштарынын үстүнөн жеңишке жетип 9 упайга ээ. Ал эми Макао курамасы атаандаштарынан жеңилүү ызасын тартып упайсыз келүүдө.