Шайлоо күнү Көк-Жардан табылган адамдын өлүмүнө шектүүлөр кармалды

15-октябрь күнү Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунда өлүү табылган адамдын өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинен кабарлашты.

Маалыматта белгилүү болгондой, каза болгон жарандын ким экендиги аныкталып, ал 1997-жылы туулган С. уулу Б. аттуу адам болуп чыккан. "Анын өлүмүнө шектүүлөр кармалып, тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, шайлоо күнү Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан болжол менен 20-25 чамасындагы адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу күбөлөр SUPER.KG порталына кабарлашкан.

Күбө: "Саат 06:50, 07:00 чамаларында №8-үйдүн алдындагы таштанды таштоочу урналар жактан адамдардын кыйкырыгы чыгып калды. Терезеден карасак ак түстөгү унаадан 4-5 киши түшүп, азиат улутундагы бир адамды таштап туруп качып кетишти. Алар унаанын эшигин ачып "ташта!" деп кыйкырышты", - деп маалымдаган.

Мындан кийин Бишкек ШИИББи маалыматты тастыктап, издөө иштери жүрүп жатканын билдирген. "Денеге алдын ала кароо жүргүзгөндө маркум сол төшүнө, жүрөк тушка бычактан сокку алганы аныкталды. Ыкчам топ барганда аны сактап калууга кеч болуп калган. Дене өлүкканага жеткирилген. Ага соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана башка экспертизалар дайындалды", - деп маалымдаган аталган кызмат.

Окуяда белгилүү болгондой, 14-октябрь күнү маркум С. уулу Б. шаардагы өзү официант болуп иштеген кафеден түнкү саат 1лер чамасында чыккан. Андан соң өзү менен чогуу иштеген кесиптештери Б.А., А.К., жана Б.Б. аттуу балдар менен жолугушкан. Алар таңкы саат 06:30га чейин ошол эле Көк-Жар аймагында жайгашкан интернет клубдардын биринде ойноп отурушкан. Таңга маал алар менен жана башка белгисиз балдардын ортосунда кайым айтыш чыгып, аягында мушташып кетишкен. Мындан улам С. уулу Бнын жүрөк тушуна жана Б.Б.нын сол ийинине бычак сайып кетишкен. Алардын бири ошол жерден каза таап, Б.Б. ооруканага жеткирилген. Аталган кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган О.Б. аттуу тургуну жана 1995-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
arzygulR
2017-10-17 15:00:44
Жаткан жери жайлуу болсун
Аттарын толук чыгарышса А.А Б.Б дебей
+1
tnt_ostrof
2017-10-17 21:13:57
Ошону айтам да О. Б.Т.А деп. Толук аты жонун жазыш керек ырас кармалганы чын болсо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан