Бегимай Карыбекова "Дүйнө сулуусу-2017" сынагына катыша албай калды

Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Дүйнө сулуусу-2017" сынагына катыша турган Бегимай Карыбекова сынакка барган жок. Бул тууралуу сулуу интернеттеги жеке баракчасына жарыялады.

Анын билдирүүсүнө ылайык, Бегимайдын сынакка катышпай калуусуна Кытай өлкөсүнө баруу үчүн виза берилбегендиги себеп болгон. Ал ушул күндөр аралыгында колдоо көрсөткөн бардык адамдарга өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, бул абал аны сындыра албастыгын, тескерисинче, ага күчтүү болууга түрткү берерин жазган.

Бегимайдын менеджери Бектур Усеновдун айтымында, алар виза берилип калат деген үмүт менен күтүшкөн, бирок бул тилектери орундалган эмес.

"Биз азыркы мезгилге чейин визаны эмне себептен бербей жаткандыгын билбейбиз. Сынак башталды, Бегимай бара алган жок", - деп билдирди менеджер.

Айта кетсек, Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан "Дүйнө сулуусу-2017" сынагына дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн бийкечтер катышат. Сынак 20-октябрда башталган, ал 19-ноябрга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kechirmeni
2017-10-26 09:18:42
Эми пешенеси да, буйрубаса айла жок экеееен,ичте калды кыздын арманыыы... Буй буй буй буй ....
+14
Dembele84
2017-10-26 09:20:42
Биздин кыкемдердин шору бар да шору бар,пешенеге жазганы ушул экен,Сабыр кыл,кийинки жылы катышаарсын.
-1
Milashkaa
2017-10-26 09:32:51
Расс болот канча деген кыздарды ыйлаттынар эле
+11
Gema
2017-10-26 09:34:23
Ырас кана болуптур,жыланачтанбай аяктан дагы...
+13
kechirmeni
2017-10-26 09:52:30
Эгер тушунсон барбагынын сен учун, акыретин учун пайдалуу, себеби ал жерге барганда жарым жыланач болуп элдин алдына чыгат элен,канчалаган эркектер карап ХХХХ куноого батат эле озун да куноого батат элен. Сага сендей кыздарыбызга Кудайым ынсап берсин
+2
UEFA-FIFA
2017-10-26 11:05:35
Жакшы болуптур, жок дегенде эл аралык аренада бир жолу болсо да чечинип жылаңачтанбайт экенсиң.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан