Баткен облустук төрөт бөлүмүндөгү таракандардын көптүгүн кабарлаган окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" октябрь айындагы жеңүүчүсү болду

Баткен облустук төрөт үйүндөгү таракандын көптүгүн сүрөт-видеого тартып, билдирүү жөнөткөн окурман SUPER.KG порталындагы "Элдик кабар" рубрикасынын октябрь айындагы жеңүүчүсү деп табылды.

"Баткен облустук төрөт бөлүмүн таракан каптап кеткен, биз ымыркай балдарыбызды чечинтип кайра орогондон, түнү уктагандан кооптонуп жатабыз", - деп жазган окурмандын аты-жөнү - Бегимай Садирбек кызы.

Ал 28-октябрда Баткен облустук ооруканадагы төрөт бөлүмүндө тун кызын жарык дүйнөгө алып келген.

"Чындыгында бул күн мен үчүн абдан кубанычтуу дата болду. Бирок көйгөйлөрдү көрүп туруп, көз жумуп коё алган жокмун. Бизди палатага которгондо абдан ачка элем, туугандарым алып келген тамакты ичейин десем ичине 2-3 таракан түшүп калыптыр. Кийин кызымдын жалаяктарын алмаштырайын десем ичинен таракан качып чыкты, зээним кейиди, бул абал качанкыга чейин уланат деп ойлодум. Мындан улам аны "Элдик кабарга" жөнөтүүнү туура көрдүм", - дейт Бегимай.

1 күндөн кийин дарыгерлер Бегимайды башка палатага которушкан. Айтымында, жаңы которулган палатада таракандар мурункудай көп эмес.

"Эми айта берсем аймактык ооруканада көйгөй көп. Маселен, ысык суу убактылуу токтоп калган учурлар болот. Бирок негизгиси таракандарды жок кылбаса алар түрдүү ооруларды да алып келиши мүмкүн. Мен бүгүн, 1-ноябрда төрөт бөлүмүнөн чыгып кеттим. Мен жөнөткөн кабардан кийин бул жакка текшерүүлөр келип, таракандарды жок кылуу аракеттери көрүлө баштады. Менден кийин келип көз жарган жаш энелер мындай ыңгайсыздыктарга кабылбаса деп тилейм", - деп кошумчалады ал.

Бегимай Садирбек кызы 20 жашта, Ош облусунда төрөлгөн. Баткен облусуна келин болгон. Буга чейин визажист болуп иштеген.

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдагы жеңүүчүлөрү:

2017-жыл, январь - кыргыз тилине туура эмес которулган афишалар тууралуу кабар жөнөткөн окурман (Бишкек шаары);
2017-жыл, февраль - Өзгөндөгү кооптуу ажаткананы айткан окурман (Өзгөн шаары);
2017-жыл, март - Өзгөн жолдорунун аң-чөнөктөрү топурак менен толтурулуп жатканы тууралуу кабарлаган окурман (Өзгөн району);
2017-жыл, апрель - Садыр Жапаровдун моюну кесилген сүрөтүн жиберген окурман (Бишкек шаары);
2017-жыл, май - Оштогу аттракциондун кулаганы тууралуу видеону жөнөткөн окурман (Ош шаары);
2017-жыл, июнь - Ананьеводогу жарылуу тууралуу видео жөнөткөн окурман (Ысык-Көл облусу);
2017-жыл, июль - Якутияда кыргыздар жашаган жатакана күйүп кеткенин кабарлаган окурман(Якутия).
2017-жыл, август - Туристтердин "Сулайман-Тоо" музейинин түштөнүүгө кеткен кызматкерлерин күтүп жаткандыгын кабарлаган окурман (Бишкек шаары).
2017-жыл, сентябрь - Балдары мектепке кабыл алынбай жатканын кабарлаган эне "Элдик кабардын" сентябрь айындагы жеңүүчүсү болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Atas
2017-11-01 19:47:36
Buiursun tatyktuusun tandapsynar
+6
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-01 21:07:42
Элдин балдары кыйын жакшы буйрусун
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан