Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча жаштар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз курама командасы менен Оман командасынын беттеши старт алды.
11:57 Футболчулар талаага чыгууда, Кыргыз курамасы ак түстөгү футболкачан, ал эми Оман курамасы кызыл түстөгү форма менен оюн талаасына чыгышты.
12:00 Командалар учурашышты, Кыргыздар түндүк дарбазада жайгашса, атаандашы түштүк тарапта жайгашты. Эки өлкөнүн мамлекеттик гимни биринен сала бири удаа жаңырды.
Калыстын ышкырыгы угулуп, алгачкы таймды Оман курамасы баштады.
12:05 Кыргыз курама командасы бурчтан топ көтөрүп, сокку жасаганга үлгүрдү. Оман курамасы чабуулга чыгып, топту бурчтан көтөргөнгө мүмкүнчүлүк алды. Бул аракетти Кыргыз футболчулары тосуп, топту талаадан сыртка чыгарды.
12:08 Кыргыз футболчулардын чабуулу ийгиликтүү болбой калды. Оман командасынын айып аянтчасында Кыргыз чабуулчусу Алимардон Шукуров кулаганы менен, калыстын ышкырыгы жаңырган жок. Оман командасы контр чабуулга чыкты, бирок алардын чабуулчусу орой ойноп оюн токтотулду.
12:12 Кыргыз футболчулардын чабуулу кайрадан ийгиликсиз... Топ айып аянтчага жетпей токтоп калууда. Анткен менен эки команда тең топту орто бөлүктө талашууда, Кыргыздар топко көбүрөөк ээлик кылууда.
12:17 Кыргыз футболчу Алимардон атаандашын алдап дарбазаны көздөй сокку жасады. Топ жай учуп, аны Оман командасынын дарбазачысы оңой эле тосуп алды. Кыргыз курамасындагы 22-катар номерлүү футболчу атаандашынын артынан чалып жиберип, сары айып кагазына ээ болду.
12:20 Оман курамасынын футболчусу жаракат алгандай, ал оюн талаасында жатат. Кыргыз командасы топту сыртка чыгарып оюнду токтотту. Эки команданын чабуулдары тең аягына чыкпай жатат, топту коргоочулар тосуп алышууда.
12:22 Кыргыз курамасы пенальтиге мүмкүнчүлүк алып, аны Алимардон Шукуров аткарды, бирок сокку таамай болбой калды. 24-мүнөттө Оман курамасы дагы чабуулга чыгып сокку узатканы менен, аны Кыргыз футболчулары тосуп алып, бурчтан көтөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
12:28 Оман командасы кайрадан эреже бузууда, Кыргыз футболчу сокку узатып ал таамай болгон жок. Оман командасы чындап орой ойноодо, кайрадан Кыргыз футболчусу талаада жатат. Ага оюн учурунда атаандаш тараптан ооруксунткан сокку урулду.
12:31 Кыргыз футболчулар атаандаштарынын айып аянтчасында топту тартып алды, Гүлжигит Борукеевдин соккусу дарбазадан алыс кетти. Борукеев алыстан көтөрүлүп берилген топту тосуп алып экинчи соккуну жасаганга жетишти. Бирок топ дарбазачынын колуна таамай туш келип тосуп алды.
12:37 Кыргыз футболчулар кайрадан чабуулда. Кыргыз футболчу атаандашынын айып аянтчасына жеткенде аны омандыктардын дарбазачысы жыгып жиберди. Бирок калыстын чечими Кыргыз командасынын пайдасына болгон жок. Тийиштүү эч кимге бул жорук үчүн айып кагазы ыйгарылган жок.
12:44 Оюндун 1-таймы аягына чыгарына 1 мүнөт калды. Топко Оман командасы ээлик кылууда. Калыс кошумча 2 мүнөт кошуп берди.
12:47 Кыргыз командасы чабуулда. Сол канатка узатылган чыгарып берүүгө Кыргыз футболчу жетип аны атаандашы жыгып салды. Алимардон Шукуров топко келип айып аянтчага көтөргөн соккусун дарбазачы тосуп алды. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аягына чыкты.
13:00 Калыстын ышкырыгы жаңырып 2-тайм старт алды.
13:04 Гол! Оман курамасы айып соккудан Кыргыз команданын айып аянтчасына көтөрүп берген. Аны Сауд Али Альхабси жыйынтыктап эсеп санын ачты. Эсеп 0:1, Оман курамасы алдыда.
13:06 Кыргыз курамасы контр чабуулга чыкты. Гүлжигит Борукеевге көтөрүлүп берилген топту Омандын коргоочусу тосуп алып талаадан сыртка чыгарып жиберди.
13:13 Кыргыз курамасында алмашуу. Жеңишбек Сыдыковдун ордуна Эржан Нурбеков оюн талаасына чыкты. Мындан соң Оман курамасында да алмашуу орун алды. Ал жакта Захир Сулаймандын ордуна Юсуф Жамаан чыкты.
13:16 Кыргыз курама командасы бурчтан көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алды. Биринчи болуп топко Эржан Нурбеков жетип сокку узатты, тилекке каршы, топ дарбазадан алыс өттү.
13:23 Кыргыз курамасы айып сокку аткарганга мүмкүнчүлүк алды. Чыгарылган сокку эч кимге жетпей талаадан сыртка чыгып кетти.
13:30 Чабуулда Оман курама командасы. Айып аянтчага көтөрүлгөн топко Саид Аль-Алиши жетип, таамай сокку менен эсепти 0:2 кылды. Оман командасы 2 гол менен алдыда келе жатат.
13:36 Кыргыз курамасында кайрадан орун алмашуу. Камолдин Ташиевдин ордуна Гүлжигит Алыкулов чыкты.
13:40 Оман курамасынан 3-гол! Атаандаштардын чабуулчусу Мухаммед Аль Каиди эсепти 0:3 кылганга үлгүрдү.
13:44 Оюндун негизги убактысынын аягына 1 мүнөт калды. Калыс оюнга кошумча 4 мүнөт кошуп берди.
13:48 Калыстын ышкырыгы жаңырып оюн аяктады. Эсеп 0:3. Ошентип Оман курамасы алгачкы 3 упайына ээ болду.