Интернетке "Апаң сени таштап Түркияга кетип калган, сен мага да керек эмессиң", - деп жемелеп, кичинекей кызды эркек кишинин уруп жаткандагы видеосу тарады.
Өзбекстандын маалымат булактарында жазылгандай, видеону Өзбекстандын жергиликтүү телеканалдарындагы "Учбурчак" берүүсү элге жарыялап, видеодо кызды атасы сабап жатат деп билдиришкен.
"Мен сени 2 жылдан бери багып келе жатам, бир жолу рахмат айттыңбы? Апаң силерди таштап Түркияга кетип калды. Апаңа керек эмес болсоң, мага керексиңби?! Эми мен силерге иттин күнүн көрсөтөм?" - деп жемелеген ал кызын.
"Урбаңыз" деп жалынып ыйлаган кыз "Мен сизге керек эмесмин, апама керекмин", - деп улам-улам урганына чыдап, жооп кайтарган. Кызы ордунан турган сайын кайра жыгылта чаап жаткан атасы кызын кийимдерин жыйнап, үйдөн чыгып кетүүсүн айткан.
"Учбурчак" берүүсүндө бул абал талкууга алынып, алып баруучулар: "Видеону ата Түркиядагы аялына көрсөтүү үчүн тарткан. Анын аялы үйүнөн качып кеткен. Биз бул ата-энени көрсөтүүгө чакыруу үчүн издеп таптык. Бирок алар бизге келүүдөн баш тартышып, биздин көрсөтүүгө келип үй-бүлөсү менен уят болууну каалабай тургандыктарын айтышты. Алар элдешебиз деп жатышыптыр", - дешкен.
Көрсөтүүдө айтылгандай, бул үй-бүлөнүн сабалган кыздан башка да баласы бар жана ал да атасынын колунда.
Берүүгө катышуу үчүн келген ИИМ өкүлдөрү атасынын бул мамилесин кылмыш деп аташып, иликтөө иштери жүрө тургандыгын билдиришкен.