Аксыда апасы менен жеңесинин жансыз денелери табылып, оор абалда ооруканага түшкөн келин өзүнө келип сүйлөп калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 16-ноябрда Аксы аймактык ооруканасынын жетекчиси Медер Осмонов билдирди.
"Кечээ күнү өзүнө келген, учурда сүйлөп калды, бирок дагы деле жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда. Абалы оор, баш мээси чайкалган, башынан ачык жаракат алган, желке сөөгү сынып, башына кан уюп калган. Андан сырткары анын 5 айлык боюнда бар экен", - деди Медер Осмонов.
Эскерте кетсек, буга чейин Жалал-Абад ОИИБинен Аксыда кайнене-келиндин жансыз денелери табылып, үй ээсинин 26 жаштагы кызы оор абалда ооруканага түшкөнүн кабарлашкан.