Бүгүн, 21-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мамлекет башчысына Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулуш долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Андан соң Атамбаев альтернативдик жолдогу эки эстакада көпүрөсүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Эки эстакадалык көпүрөнүн жалпы узундугу 1472 метрди түзөт.
Мамлекет башчысы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулуш долбоорун ишке ашырууну тездетүү боюнча тапшырма берди.