Польшанын Быдгощ шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз балбаны Эсен Асанов коло медаль жеңип алды.
75 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Эсен Асанов алгачкы беттештерде латвиялык жана беларустук балбандар менен күч сынашып, экөөнү тең 8:0 эсебинде жеңген. Ал эми чейрек финалда Асанов венгриялык Золтон Левайды 2:1 эсебинде жеңип, жарым финалда түркиялык Фатих Ченгизге утулган. Коло медаль үчүн болгон күрөштө азербайжандык Насер Гасанов менен күрөшүп, аны жеңип алды. Муну менен ал жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси болду.