Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы биометрикалык паспорттун үлгүсүн ката менен жарыялагандыгы талкууга түшкөн. Бул тууралуу аталган мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Дамира Азимбаева SUPER.KG порталына төмөндөгүдөй билдирди.
"Биометрикалык паспортторду жарандар 2018-жылы алышы мүмкүн. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан атайын электрондук эскиздер чыгарылды. Анда 3 паспорттун үлгүсү көрсөтүлгөн. Алар: жалпы жарандык биометрикалык, кызматтык жана дипломаттык паспорттор. Учурда коомчулук "дипломат" деген сөз туура эмес жазылыптыр деп сындап жатат. Ал жөн гана үлгү, расмий документ эмес. Ар бир адам катачылык кетирет, дизайнер тарабынан туура эмес жазылып калыптыр", - дейт Азимбаева.
Ошондой эле ал биометрикалык паспорттор документтердеги коопсуздукту күчөтүү, жасалма документтерди даярдоону токтотуу жана кыргыз элин документ менен камсыздоо системине эң алдыңкы технологияларды киргизүү максатын көздөөрүн кошумчалады.