Токмок шаарында жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 28-январь күнү түштөн кийин Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Анда өспүрүм курактагы кыз өмүрүнө кол салуу максатында имараттын үстүнөн боюн таштоого аракет кылган.
Ал жерге куткаруучулар баргыча кызды жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.