"Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу боюнча тийиштүү органдарга суроо-талап жибердик", - деп бүгүн, 27-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Шайлдабекова расмий билдирүү келгенден кийин БШК чечим кабыл ала турганын айтты. "БШК Тышкы иштер министрлиги аркылуу Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу боюнча суроо-талап жибердик. Анткени биздин чечимдердин баары негиздүү болуш үчүн Казакстандын ИИМинин расмий документинин көчүрмөлөрүн сурадык", - деди Шайлдабекова.
Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.
Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан.